Сиз менин үстүмө чыктыңыз

Кандайсынар?Сериал суйуучулоруно арналат.Админ эгер элдерге жакса мен даагы калган болукторун жонотуп турайын кундо.Бугун биринчи болугун чыгарып бер,элдер окуп бутуп коментке оз оюн калтырышсын.

Чиновник менен 41 түн

Эскертүү, 18 жашка чыга электерге окуганга болбойт!

Мезгил, убакыт бирде уу берип, бирде бал берип, тагдыр өзү каалагандай калчап келет. Тагдырдын далай сыноолоруна кабылып, далай жакшы көз ирмемдерин мен да өткөрүп келем. Адам баласынын өмүрүндө байлык, бакыт, сүйүүнү 3 жолудан берилет экен. Жашым отузду чамалап калса дагы башыман бир чоң махабат өттү. Махабат эмей эмине, баары мен ойлогондон да башкача болду. Атым Жазира. Койчунун кара кызы болом. Кичинекей кезимде чоң атам менен чоң апамдын колунда тарбияландым. Сегиз бир туугандын ортончусумун. Мен мектепке кирээримде чоң апам атам менен апамдын колуна тапшырып берген. Союз таркаган маал биздин үй-бүлөөгө да чоң кедергисин тийгизди. Себеби, атам да, апам да жумуштарынан бошоп үйдө отуруп калышты. Атам чоң ЗИЛ машинеси менен бизди багып жүргөн күндөрдүн биринде авария болуп машинеси күкүм болуп калды. Ал учурда баарыбыз атамдын көзүн карап жашачубуз. Дагы жакшы атамдын эч бир жери эч нерсе болбой аман калды. Ошол жылдары бардык малыбызды сатып атам кайрадан жаңы Зил курап чыгам деп болбой тырышып туруп алды. Ал машинесин бир жарым жыл дегенде курап бүттү окшойт. Ага чейин байкуш апам бизди базарга чай сатып, тамак сатып атып бешөөбүздү кийинтип, окутуп жатты. Азыр беш бала эмес бир баласын балдар бакчасына бере албай жатышат, апам болсо бешөөбүздү мектептен окутуп, колунан келген кийимдерди алып берди. 8-9-класс болгучакты эжем, мен, сиңдим үчөөбүз бири-бирибиздин кийимдерибизди кийип мектепке барчубуз. Биздин окшош кийингенибизди көрүп калган кластташтарыбыз, «Булардын кийимдери жок, баары бир кийимди кийишет, атасы буларга кийим алып бербейт», – деп көп шылдыңдачу. Ошол шылдың сөздөр азыркыга чейин кулагыма угулуп, эстегенде итатайым тутулуп кетет. Албетте, алар да бала да, биздин үйдө анчалык чоң кризис болуп жатканын алар кайдан билмек эле? Кийимдин айынан чоңойгучакты баарыбыз басынып жүрдүк. Айрыкча кышкысын чокой жыртылып калган чоң көйгөй болчу.Жогорку класска келгенде байкем университеттеги окуусун таштап Россияга барып иштеп келип карыздардан кутулткан эле. Ошондон кийин апамдар мал менен эле сарайга жашайбыз деп кетип калышкан. А биз болсо мектепти жакшы окуп бүтүп баарыбыз өз күчүбүз менен университетке тапшырдык. Мен англис тилин мектептин базасында абдан жакшы окуп чыктым. Шаарга келип англис тилинен котормочуга тапшырсам контракка өтүп, бюджетке өтпөй калдым. Контрактты атамдар төлөй албайт болчу да. Тырышып атып журналистикага бюджетке тапшырып өтүп кеттим. Журналистикага көп кызыкпагандыктан 2-курстан кийин которулуп кетем деген үмүт менен бюджетте окуп калдым. Ошондогу атамдардын сүйүнгөнүн сураба.Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.

Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.

Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.

Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү. Күндөрдүн биринде шеф Кыргызстандын үлкөн саясатчыларынын бири Тынайбек Абдыбековичтен интервью ал деп калды. Чынын айтсам ал кишинин бир көз карашы эле жерге киргизип коет, ошончолук сүрдүү киши. Макул деп коюп, ал кишиге суроо берип жатканда жанагындай көз карашы менен карап салса аптыгып келмемди таппай калбасам экен, – деп коем. Кудай жалгап бир журналисттен анын телефон номерин сурасам жардамчысынын номерин берди. Жардамчысына телефон чалып Тынайбек мырзадан интервью алайын дедим эле десем, – Ал киши интернет менен эле байланышат, ушул дарекке суроолорду жөнөт, – деп калды. Суроолорумду жөнөтүп, коюп 2 күн күттүм.

Тынайбек мырза мага 3 күндө жооп берип, интервьюсу гезитке чыкты. Андан кийинки 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык санды чыгарып редакцияда отурганбыз. Түнкү саат ондон өтүп калса керек эле. Агентте ар ким менен жазышып отурсам, Тынайбек Абдыбековичтин агенти да күйүп калды:– Саламатсызбы Тынайбек Абдыбекович! Өткөндөгү интервью чыккан эле, жардамчынызга айткан болчумун. Окудуңузбу?

– Окудум, рахмат, майрамга карата жолугабыз да? ..

– Кудай буюрса. Эс албай иштеп отурасызбы дагы деле?

– Ооба, эртеңки мероприятиялар боюнча отурам. Келе жаткан майрамың менен!

– Рахмат! Сизди да куттуктайм! Майрамдык маанайыңыз жакшыбы?

– Жакшы эле, бирок түйшүк көп болуп жатат.

– Менден эмне жардам керек? Айтыңыз, жардам берейин?

– Тавай, только не знаю как? ..

– Мээңиз абдан чарчаса керек, анекдот айтып берейин?

– Анекдот болот, угам ат души эле…

– Сиз точно Тынайбек байкесизби же ал байке кеткенде компун мине калдыңызбы?

– Самневайся болуп жатасыңбы? Как доказать? ..

– Конечно сомневаюсь, приколдор менен сүйлөп атсаңыз таптакыр эле таң калып атам да.

– Аа десең, эми эмне кылайын деги, кантип далилдейм билбейм да.

– Мага телефон чалыңыз, үнүңүздү угам анан ишенем!

– Чуть позже, азыр над текстом сижу, надо успеть просмотреть, макулбу, кайсы телефонго? – 0777423ххх

– Жакшы, чалам… А ты почему так поздно, же эртең гезит чыгабы?

– Азыр чыгып атат.

– Канчага чейин чалсам болот, үйдөн таяк жеп жүрбө (тамаша) ?

– Чала бериңиз каалаган убакта. Просто мен ишенгим келип атат аябай, эркелеген кыз экен деп капа болбоңуз.

– Макул, бошоп калганда чалам. А атың эмнеге Жазика? Ким койду эле?

– Чоң энем да, тамашалап коюп салыптыр.

– Жакшы эле, бирок өзүңө кандай жарашат билбейм…

– Ошо да, өзүм узунмун, анан атым Жазика. Мага деле жакпайт. Эмне кылам анан баарыле Жазика деп атышса. Сиз менин атымды толугун окуган эмес белениз Ð