Башкарма аял.

Жубайлардын төшөккө болгон каалоосу эмне үчүн жоголот?

 

 

Айрым жубайлар баш кошконуна канча убакыт болгонуна карабай сексуалдык жактан активдүү болушса, кээ биринин убакыттын өтүшү менен төшөккө болгон кызыгуусу басаңдап калат. Мындай учур көйгөй жаратып, жубайлардын ортосундагы мамилелерине доо кетип калышы мүмкүн. Баарына кызык болгон бул суроого жооп издедик.

 

Пример HTML-страницы

Жубайлардын төшөккө болгон каалоосу эмне үчүн жоголот?

 

Эркектерде

 

 

1. Экинчи апанын ролу. Айрым аялдар күйөөсүнө баласындай кам көрүшөт. Кээде бир нерселерди үйрөтүп, жемелеп да жиберишет. Мындай экинчи апанын ролун аткарган аялдарды эркектер төшөктө көп каалай беришпейт.

 

2. Башкарма аял. Жашоосунда баарын өзү көзөмөл кылып турууну каалаган аялдар бар. Толук кандуу эркекке бул нерсе жакпайт, анын аялына болгон каалоосу жоголуп, бара-бара таптакыр кол үзөт.

 

3. Эриктирүүчү байланыш. Биринчи учурларда төшөктө өнөктөштөр бири-бирине дал келип жалпы ырахатты таба алышат. Убакыттын өтүшү менен аялдын төшөктө пассивдүү экени байкалат. Жыйынтыгында баарын эркек колго алышы керек болуп калат. Аялдын күн сайын бир калыпта жатканы эриктирип, эркектин аялына болгон каалоосу жоголот да, төшөккө жөндөмдүү аял издей баштайт.

 

4. Көп сүйлөө. Өнөктөштөрдүн сүйлөшүүсү, маек курганы эң жакшы көрүнүш. Ошондой болсо да кеп алаксытып, романтиканы жок кылат. Сексуалдык байланыш келжиреп сүйлөөнү эмес, үндөбөөнү талап кылат.

 

5. Уялуу. Аял уялып, күйөөсүнө жылаңач денесин көрсөткүсү келбей караңгы бөлмөгө жашырынгандан көрө өзүнө ишенбөөчүлүктөн кутулушу керек. Күйөөсү анын денесин суктанып карап, баалашына толугу менен мүмкүндүк бериши зарыл. Болбосо өнөктөшүнүн алдында сексуалдык тажрыйбасы кедей экени билинип калат.

 

6. Төшөктөн дароо туруп кетүү. Үй жыйноо, идиш жуу, мунун баары токтоп турат. Төшөк оюнунан кийин дароо туруп кетүү баары үчүн жагымсыз.

 

 

Аялдарда

 

 

1. Тиричилик менен алпурушуу. Айрым аялдар үй жыйноо, тамак жасоо, балдарын сабакка даярдоо сыяктуу көр тиричиликтен бошобой жүрүп өзүнүн жубайлык милдетин унутуп да калышат.

 

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


2. Эркелетүүнүн жок болушу. Көпчүлүк аялдар үчүн төшөк оюнунун өзү эле эмес, анын алдындагы эркелетүү маанилүү. Тилекке каршы, көпчүлүк мырзалар бул тууралуу таптакыр унутуп коюшат. Андан улам аялдарда дүүлүгүү жок болуп, бара-бара төшөк оюнуна болгон кызыгуусу жоголот.

 

3. Физикалык себептер. Аялдардын каалоосу гормондун жетишсиздигинен да жоголот. Кээде калкан бездериндеги гормондордун өзгөрүшү да таасир этет. Мындай шартта эндокринологго текшерилүү керек.

 

4. Эринүү. Эркектер төшөктө аялдарына абдан берилишет жана аялынан да ошону каалашат. Бирок аялдар көпчүлүк учурда эринип коюшат. Мындай учурда түгөйлөр сексопатологго кайрылса туура болот.

 

5. Өзүн төмөн баалоо. Аял өзүнө-өзү канааттанбаса, ал эч качан төшөк оюнуна даяр боло албайт. Өзүнө ишенбегендик кайсы ишти болсо да бузган сыңары, төшөккө да терс таасирин тийгизет.

 

6. Мурунку жигитине болгон сүйүү. Эгер аялдын күйөөсүнө чейин сүйүктүү адамы бар болгон болсо, дайыма анын жашоосуна кызыгып, аны менен дос катары мамиледе болууну каалайт. Андан улам да күйөөсү менен болгон төшөк оюнуна анчалык көңүлү келбейт.

 

 

Түгөйлөр үчүн каражаттар

 

 

Левитра таблеткасы сексуалдуулукту ойготот. Эркектердин жыныс мүчөсүнө кандын куюлушун жогорулатып, сексуалдык каалоону күчөтөт.

 

Виагра. Бул таблетка көпчүлүк учурда эркектердин жыныс мүчөсүн күчтөндүрүп, эрекцияга жетүүсүнө жана сексуалдык дүүлүгүүсүн бир топ убакытка чейин кармап туруусуна жардам берет.

 

Феромондуу атыр. Феромон – бул организм абдан аз бөлүп чыгарган зат. Ал жагымдуу эмоция, толкундоо, дүүлүгүү жана сексуалдуулукка умтулуу тартуулайт. Ошондой эле адамдардын бир көрүп сүйүп калуусун шарттап, өтө кумарданууну чакырат. Анын өзгөчөлүгү жытында. Эркектерге да, аялдарга да арналганы бар.

 

 

Үй шартында

 

 

Балга күнжүттүн данынын биринчи сыгылган майын кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон кошулманы бир чай кашыктан бир жуманын ичинде эки жолу жеп турасыз. Эгерде кунжүт майы жок болсо, көп өлчөмдөгү күнжүттү балга аралаштырып коюп, жумасына үч жолу жейсиз. Жакшы жыйынтык болгончо уланта бересиз.

 

Жаңы үзүлгөн укроп, петрушка, кинзаны майда туурап, баарын бирдей өлчөмдө аралаштырасыз. Тамактын алдында бир аш кашыктан жеп туруңуз.

 

Жаш кочкордун урук безин пиязга аралаштырып кууруп жеген да эркектер үчүн абдан пайдалуу.


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: