Мен ал кыз менен таптакыр күтүүсүз таанышкам ойдо жок эле болуп кетти. Жөн эле жазышып калдык, сөздөн сөз чыгып, бат эле тил табышып кеттик телден. Бир-эки күндөн кийин эле кечинде жолугалы дедик жазыша бербей кечке.
Ошол күнү шаарда жөн эле гуляйтетип жүрдүк биринчи жолукканда — сүйлөшөбүз, күлөбүз, убакыт кандай өткөнүн байкабай калдык. Бара-бара ортобузда башкача атмосфера пайда болду… көз караштар узарып, сөздөр азайып, эмоциялар күчөп кетти бири бирибизге тез эле отурукташып калдык.
Бир убакта машинага отуруп, музыка коюп, жөн эле сүйлөшүп отурганбыз. Бирок ошол “жөн эле” көпкө созулган жок. Баары өзү эле болуп кетти экообуз тен бир нерсе ойлоп турсак керек— ашыкча сөзсүз, табигый түрдө. Түн кантип өткөнүн билбей калдык, таң атканда гана эсибизге келдик.
Эртеси ал кыз шаардан кетип калды . Кадимки жашоо кайра уланды сагыныч болду баары бир убакта башталып кайра бутуп калды, коз алдымда эле болгондой азыр, бирок кээде ошол түн эсиме түшүп турду эмнегедир.
Бир айдан кийин ал да шаарга келди чынында куткон эмесмин мен. Кайра сүйлөшүп, дээрлик күн сайын жолугуп жүрдүк. Бул эми жөн гана таанышуу эмес болуп калган ортобузда козго корунбогон жылуулук пайда болуп соз менен жеткире албаган жагдайлар болуп жатты силерге кантип тушундуром билбейм— бири-бирибизге көнүп калдык иши кылып ойдо жок жерден, көп убакытты чогуу өткөрдүк.
Ошентип эки айдай өттү. Анан бир күнү ал күтүүсүз эле айтты: турмушка чыгып жатам деп… башка бирөөгө. Тынч эле, эч кандай драмасыз. “Ошентип калды” дегендей эле сөз айтты. Ошол менен бүттү. Кыздар ким жолуккусу келсе жазгыла
Окуя жазуу бөлүмү. ❤️Ушул кнопканы бас !