Эмне демекмин

Эрмек экөөбүз кетебиз деп даярдана баштадык, Көлгө барып кайын журт менен коштошуп келдик, кайын энем байкуш 1 кой сойдуруп эт боорсогун салып берип, Эрмек байкуш жоош орус келиним жакшы кара баламды деп табыштап, коштошуп калды, сары болгонумабы кайын энем мени орус келиним деп эркелетип чакырат эле. шаарга келип биздин үйгө жөнөдүк бутум тартпаса да барып коштошуп койбосом болмок эмес. атам апам анан атамдын эжеси баары чогулуп күтүп отурушуптур, чай үстүндө кеп салып отурушту буларды Крымдан орустар депортация кылганда атам 4 жашта эжеси 6 жашта экен, деңиздин жээгинде жашачубуз 1 күндө эле солдаттар келип баарыбызды поездге отургузуп айдап салышкан деп ыйлап отурду көз жашын жоолугунун учу менен аарчып.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Атам ойлуу отурду биз чыгаарга жакын, кызым мүмкүн кетпей эле коеттурсунар мен квартираны Эрмек экөөнө берем апаң экөөбүз шаардын сыртындагы үйгө деле жашай беребиз а не дейсиң деп суроолуу карап калды, мен унчукпай Эрмеке карасам ал ийнин куушуруп тим болду, түшүндүм мурун да Эрмек болницадан чыкканда атам айтса Эрмек болбой койгон болчу, мен эмне күч күйөө болмок белем деп, акырын сөз баштадым апам байкуш сөзгө аралашпай отурат, ата кичине турмушубузду оңдоп алалы азырынча жашпыз бала чакалуу да эмеспиз, кайра 1/2 жылда келебиз, калып калмак белек десем, атам туталанып ачуусу келип өзүнүн тилинде сүйлөнүп кетти, апама карап ушул силерде Кыргыздарда кыз кишини катуу кармашты билбейсиңер, көрүп атам көчөдө жүргөн кыздарды көрүнгөн түрк, иностранецтерге тийип атышат мына сен тарбиялаган кыз бир менин сөзүмдү укпайт, сенин тилиңди алып калып калдым, Крымга ой боюңа койбой алып кетип калсам болмок экен деп кичине жини тарап отуруп калды, апам үн сөз жок отуруп берди, мейли деп коштошуп чыгып кеттик, менин ичимдеги арманды кантип айтмак элем, жаңы жылдан кийин билет алып жөнөп кеттик 4 сутка жүрдүк окшойт Екатеринбургга чейин, вагон толтура көчүп кетип аткан орустар ызы чуу түшүп көңүлдүү жеттик, вокзалдан эрмектин досу Николай аялы экөө тосуп алышты, жакшы аялы бар экен аты Марина экөөбүз тез эле тил табышып жакшы болуп кеттик, бир жерге кирип тамактанып отуруп Николай сөз баштады, Эрмек мен баарын даярдап койдум жашаган үйүңө чейин, а жумушка эртең чогуу барабыз права документтерди алып ал, баары чечилген шеф менен жакшымын деп, Эрмек экөөбүз макул рахмат аман болсок бул жакшылыгынарды унутпайбыз деп сүйүнүп отурдук, ал жерден чыгып жашай турган районго жеттик, нижнесергинский р-н поселок Первомайское деген жер экен, аялы экөө бизди таштап соседдерге айтып коюп кетишти, ошентип оруссиядагы жашообуз башталды, Эрмекти Николай эртеси күнү алпарып жумушка жайгаштырып койду, өзүнө жагыптыр коллектив жакшы экен деп келди көпчүлүк орустар биз жакта, Казакстанда жашап келгендер экен. мен да жөн жүрбөй бир магазинге жумушка кирип алдым, директору аял киши мени жактырып мен сага кобурок айлык берем сага только башкаларга айтпа деп сүйүндүрүп койду, ал убакта курс башкача болчу, рубль жаңы алмашкан күчтүү эле. билинбей арадан 6 ай өтүп кетиптир, выходной болчу үйдө олтурсам бир Жигули келип токтоду үйдүн жанына, терезеден карасам ичинен Эрмек түштү бети башы кан, жүрөгүм оозума кептелип чуркап чыктым,оозума сөз кирбей не болду дегенге зорго жарадым, Эрмек мени жооткотуп жаным баарын айтып берем жуунуп алайын азыр деп, артын карап Арсен кир үйгө деп шоопурга кайрылды, көңүл бурган жокмун үйгө кирип суу ысытып бети башын жууп кийимдерин алмаштырып, чайга отурдук ошондо гана шеригине көңүл бурдум, менин алдымда Кавказ улутундагы Эрмек менен тең чамалаш жашы 34/35ги чымыр денелүү жигит отурган эле, фигурасы тим эле жан клод вандамдыкындай, көрсө иш мындай болуптур, Эрмек жакшы иштеп берген заказдарды жакшы алпарып тапшырып шефине жагып калыптыр, анан буга чоң жүк ташыган машина берип алыскы рейстерге коё баштаганда ошол жерде иштеген жергиликтүү орустар көрө албай, айлык жакшы ала баштаган акыркы күндөрү, базанын ичинде ура кетишиптир көптөп, Николай досу ортого түшсө аны да кошо сабашыптыр, ошол учурда Арсен, келип калып рейстен ажыратса ага асылышкан экен, ал 4 төөн тең көмөлөтө чаап салыптыр, алар башка орустарды чакырып, Арсен өзүнүн досторун чакырып разбор болуптур, не бойся Эрмек мы тоже не с пальца сделаны, деп Эрмектин көңүлүн көтөрүп, мы теперь с тобой друзья деп, чай үстүндө жакшы таанышып кеттик Афганистанда кызмат өтөп келген экен 85/86 жылдары, мен ал жакта мындан жаман нерселерди көргөм деп башынан өткөргөн күндөрүн айтып отурду, улуту талыш экен Азербайжанда ушундай улут бар дейт, негедир экөөбүздүн көз карашыбыз чагылыша берди, анын көзүндө билинбеген күч бар болчу, ал күч мени өзүнө тартып жаткандай болуп, бутуман баштап чачыма чейин дүркүрөп чыкты, ошол күндөн баштап жүрөгүмдө бир үмүт пайда болду, Арсен Эрмек экөө күн алыс кеч чогуу келишет ужинге жакшы тамак даярдап коём жеп алып алкыш айтып кетет, ал базанын жатаканасында жашайт экен Эрмек суранганынан кийимдерин да жууп берип коём, күндөр өтүп кадимкидей ирденип калдык акча топтоп, Эрмек дем алган күнү базарга барып мага кийим кечек алып берди, кечинде алган көйнөктү кийип күзгүнүн алдына келдим көп жылдан бери өзүмдү карай элек болчумун,мени күзгүдөн жашы 30 га жете элек, көздөрү муңдуу канаттанбаган жаш келин карап турду, аркамдан жылуу демди сездим, Эрмек мени кучактап алкымымдан жыттап аркама такап өпкүлөп кирди, кайрылып эле өбүшүп кеттим тилимен соруп эмчегимден эзе кармап, жан жеримди кармалап кучакташкан боюнча төшөккө куладык, бирок анын эркек мүчөсү кыймылсыз эле, кучактап өпкүлөп чечинтип жылаңач болуп үстүнө чыктым, жан жеримди аныкына жармаштырып нары бери кыймылдап кичине кумар алдым, кучакташкан боюнча жатып калдык, Эрмек ойлуу шыпты карап адатынча жатат, канчага чейин ушинтип жүрөбүз деп сурады, мен жооп бере алмак эмесмин, эмне демекмин…


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: