Эриндерибиз чапталып калды

Саламатсынарбы!Кечээки сериал жаккан окшойт улант деп жазыпсынар анда эмесе 2чи болугун жиберейин.Админ чыгарып кой.

Чиновник менен 41 тун (2-болугу)

– Ооба, – деп, чөнтөгүмдөгү четтери кеткен, сынган Нокия 2700 үлгүсүндөгү жүдөгөн телефонумду алып чыгып ичин аңтарып калдым.

Кыздардын сүрөтүн көрүп, ар кимисине мүнөздөмө берип бул кызың жакшы экен, тиги кызың кичине куулугу бар экен деп айтып калды. Албетте көп жашаган адам бизге караганда баары бир көбүрөөк билет да. Анан телефонуму акырын чөнтөгүмө салып алдым. Мени айдоочусу ишиме жеткирип койду.

Экөөбүз күнү-түнү тынбай СМС жазыша турган болуп алдык. Мен Тынайга жолукканы курбу кыздарым менен деле анчейин кепилеше бербей калдым. Ишке барам, кечирээк келем дагы, жигиттерге жолугам, же Тынай бош болсо баарын жыйыштырып коюп Тынайга жөнөмөй.

Пример HTML-страницы

Сентябрь айларынын аягы болуп калган эле. Жумушта адаттагыдай бирөөдөн алган интервьюну компьютериме терип бүтөйүн деп калган болчумун. Жума күнү болгондуктан жумуштарым аягына чыгып калган. Бирок ошентсе да редакциянын түйшүгү арбыныраак болот эмеспи. Кандайдыр бир оор түйшүк менин да мойнумда бар. Аңгычакты эле телефонум шыңгырап Тынай чалып калды:– Жөжө-ө, мени менен Ысык-Көлгө барып кеелчи? Сен жок такыр баргым келбей жатат. Сени менен жолдо карай божурашып, кучакташып баргым келип атат. Анын үстүнө жытыңды да абдан сагындым.

– Шеф уруксаат берсе эле бармакмын, гезит да даяр эле болуп калды, кайра качан келебиз?

– Мероприятия бүтөөрү менен эле шаарды көздөй учуп келебиз.

– Дем алыш күнү келип калсак эле болду, дүйшөмбү күнү катуу иштемей да, билесиз? ..

– Ооба, Жөжөм менин, же шефиңен өзүм сурайынбы?

– Жок, өзүм эле суранам.

Шефке кирип Ысык-Көлдөгү курбум турмушка чыгып ошол жакка кеткени жатканымды айтып уруксаат сурасам ал да макул болуп:

– Материалдарыңды дизайнерге тапшырып коюп кете бер, – деп калды.

Сүйүнүп эле материалдарды дизайнерге бердим да Тынайга телефон чалып:– Келе бериңиз, – дедим. Чынын айтсам абдан толкунданып турдум. Себеби, ал киши менен мындай алыс жолго биринчи чыгышым. Жумушта отурсам телефон шыңгырап редакциянын алдында турабыз деди. Сыртка чыксам кинодогудай эле бир кара Мерседес 600 жана баягы ак Лексус турат. Анда 4 жан сакчысы автоматтары менен сыртка чыгып алышыптыр. Бир чети абдан уялып кеттим. Мен болсо жупуну кийинген гана жөнөкөй кызмын. Биздин жумуш жактагы таксисттер мени көрүп алып шок болушту. Анан дагы мени менен чогуу иштеген эжелер терезеден карап турушуптур. Аларды көрүп алып бетим кызарып кетти. Эки машине менен барганы да туура бирок. Себеби, ал кишинин чининдегилерди күн сайын эмес, саат сайын өлтүрөбүз дегендер чекесинен чыгат. Ошон үчүн ушундай жүрөт болушу керек. Бирок мынчалык кооптонгонун көрүп, чиновниктердин жашоосуна суктангым да келбей калды. Андан көрө сары суу ичсең да эч кимден коркуп кооптонбой көчөдө эркин басканың дурус окшойт деп калдым. Мерске отуруп алып Көлдү көздөй зымырап жөнөдүк.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Көлгө жеткенче Тынай жолду карай божурап барды. Барганда бир коттеджге келдик. Эми ичин айтсам жомоктон окуп, кинодон гана көрчүмүн. Ичи шумдук экен. Экинчи түндү да ойдогудай өткөрдүк. Жаткан керебети да абдан сонун экен. Экөөбүз эзилишип көпкө жаттык. Тынай мени алгач акырын эркелетип мойнуман жыттап:

– Жөжөшкаа, жыргалым менин, мен сени жакшы көрөм, радость моя, – деп кучагына кысканда өзүмдү араң карманып жаттым.

Ичимен «дагы жалынса экен, дагы өпсө экен» деп көзүм жумулуп баратты. Тынайдын ар бир өпкөнү, кучактаганы, жалынганы уламдан-улам мени арбап, өзүнө кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр менен тартып баратат. Түн бир оокумда табарсыгым толгонунан туалетке кирейин деп эле жарыкты күйгүзө калсам тумбочканын үстүндө пистолет туруптур. Көрүп алып Аллам оозуман түшүп, келмемди таппай калдым. Ага эч нерсе дебестен акырын кирип, кайра чыгып келип ордума жаттым. Экөөбүз кучакташкан боюнча уктап калыптырбыз. Тынайдын артыман кучактаганы мага абдан жагат. А Тынай аны билет. Ошондуктан дайыма мен уктаганда артыман бекем кучактап алып кичине кыймылдасам эле өпкүлөй берет.

Бир маалда уйкулуу көзүм менен ары көздөй оодарылганда эрдимен назик өөп алды. Кучакташып эзилишип кеттик. Мойнуман баштап бутума чейин бир жеримди калтырбай өөп чыкты. Бир маалда анын ысык эриндери менин алиги жериме тийгенде өзүмдү жоготуп барып араң эс алдым. Анан «меникин да өөп берчи» деди. Мен акырын өбө баштаганда эле ал да өзүн жоготту окшойт, көзүн жуумп алып акырын онтоп кирди. Ошентип отуруп экөөбүз махабаттын чокусуна чыгып эзилишип алып, кучакташып алып уктап калдык. Эртеси эртең менен туруп ал жумуштары менен кетти. Мага болсо бир айдоочусун анан жан сакчысын берди. Алар мен кайда барсам ошол жакка артыман ээрчип барышат. Саат ондордо Көлдө иштеген Назира аттуу курбум бар, ага телефон чалдым. Чалсам сабактан эки саатка бошодум келе бер деди. Макул деп тигилерди айдатып алып Назирага учуп бардым. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөшүп, Көл жээктеп сүрөткө түштүк. Тамак ичип алып анын сабагына кирип отурдум. Окуучулары абдан сыйлашат экен. Түштө мени ат чабышка алып барышты. Ал жактан келип төшөккө кирип уктап калыптырмын. Бир маалда эшик такылдаганынан ойгонсом «Сизди Тынай тамак ичсин дейт», – деди. Анда тамакты бул жакка эле алып келгилечи дедим да кайра уктап калыптырмын. Тамак ичээрде эле маңдайыбызга официанттар туруп алып карап турушат. Тамагың аш болбойт экен. Бир маалда тамак келди. Кино көрүп отуруп тамагымды ичип алдым. А Тынайдан кабар жок. Чалгым да келген жок. Жансакчысы менен айдоочусу менден уруксаат алып бир жакка кетип калышкан. Күн кирип кеткенден кийин тиги каттеджде жалгыз калып корко баштадым. Бир маалда келди.Мен болсо кийимдеримди салыштырып алып азыр келсе жолго чыгабыз деп Тынайдын келишин күтүп отургам. Ал келээри менен эле кетебиз деп калсам бүгүн жатып алып эле эртең менен 6да кетеличи дегенинен макул болуп үчүнчү түндү да чогуу өткөрмөй болдук. Үчүнчү түнү да кучакташып жатып эзилишип кеттик. Бирок, мага тийген жок. Анткени өзүмдүн каалоом менен гана төшөк кумарына батабыз деп сөз берген эле. Ошентсе да андан башкасын кылдык. Денемдин чоло жерин калтырбай ээритип койду. А мен болсо баягы биринчи түндө аныкы турбай койгондон кийин байкуштуку такыр эле турбайт го деп калгам. Бирок, акыры ал чыдабай калды окшойт менин жан жеримен өөп, жалап анан меникин өөп берчи дегенде кертмегинин башын кинодон көргөнүмдөй таризде өөп, жалап кирдим. Менин өпкөнүм жакты окшойт, кертмегин оозумду көздөй акырын салды. Мен да унчуккан жокмун. Алигисин оозума алган сайын анын көзү аңтарылып аз-маз онтоп да кетип жатты. Ал онтогон сайын мен ого бетер ары-бери сүргүлөп өпкүлөп кирдим.Бир маалда алигисин оозуман сууруп чыгып эле шейшепке эрендигин бүркүп салды да шалдырап жатып калды. Мени кучактап эринимен соро өөп андан ары өбүшүп кеттик. Мурдагы түндөгү окуялар кайталанды. Бир маалда эшиктен тырс-тырс деген үн чыкса экөөбүз тең коркуп кеттик. Пистолетин алайын деп келатып мени коркпосун деди окшойт акырын тыңшап жатып калды. Ошентип ал түн да ойдогудай өттү. Эртең менен алтыда туруп алып мен душка түшүп чыксам биз жаткан номерде фен жок экен тигил номерге алып барып фенди иштетип чачымы кургатып берди. Чачымды кургатып алып күндөгүдөй экөөбүз эртең мененки тамакка түштүк. Баягы эле официанттары тамак берип чай куюп маңдайыбызда турушту. Негедир ал менен бирге отуруп тамак ичкенден тартынчумун, бир жагынан душмандарынын заказы болуп тамагына уу кошуп салса аны менен кошо мен да кете бербейин деп чочулачумун. Ал тамактан ич десе болбой чай гана ичип отуруп кайра баса берчүмүн. Ашпозчусу эртең мененкиге күрүчтөн каша жасаптыр. Быштак анан май коюптур үстөлдүн үстүнө. Мага да чоң чыны менен бериптир. Аны көрүп, бекер эле толтура куюп келипсиңер, бул кашаны баары бир деле түгөтпөйт деди. Мага болсо баары бир.Ал жактан май чайнагандан көрө үйүмө келип кара нанды коркпой жегеним жакшы. Тамак ичип алып машинеге түшүп зымырап бараттык. Машинеде колубузду кармашып акырын сыйпалашып отурдук. Колуман кармаган сайын мага майдай жагып атты. Жаңы сүйүү оту тутана баштаган учур кандай гана таттуу. Бирок ошол сезимдер ошол бойдон сакталып калбайт экен. Тынай жол эрежесин бузуп айдап бараткан айдоочусуна улам эскертүү берип кетип баратты. Бир маалда уктап кетиптирбиз, мени бутүна жаткырып коюптур, мемиреп келдим. Шаарга келгенде, өзү Лексуска түшүп, мени мерсте калтырып, балдар үйгө жеткирип коет деди. Үйгө жетип, курсагым ачка жаным сукаман капчыгымды алып нан алып келейин деп ичин ача калсам ак конверт. Ичине 500 доллар салып коюптур. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. А мен чынында 500 доллар үчүн антип бармак да эмесмин. Болгону ал кишини абдан жактырып калып, ал менен бир саат болсо да чогуу болгум келди. Ысык-Көлгө барып келгеним үчүн, жанагындай түн өткөргөн үчүн 500 доллар салып койгон тура деп ызаландым. Бардык чиновниктерге ушундай басмырлашат деп жиним келди. Албетте, акчасы болсо бардык каалоосун орундата алышат да деп койдум.Анан демимди бир кысып туруп «Капчыктагыны түшүнгөн жокмун», – деп СМС жаздым. Бир аздан кийин «Пожалуйста таарынбачы, мен болгону сотка алып берейин дегем. Анан өзүңн эле тандап ал дедим. Таарынбачы жаман ойлобо. Кечирип кой! » – деген жооп келди андан. Мыдан ары кайталанбасын деп барып сотка алдым. Сенсорлуу сотканы биринчи алганда такыр түшүнбөй, ар жерин баскылап атып араң түшүндүм. Менин нетбук анан эле сотка алганымды көргөн чогуу жашаган Эльвира аттуу курбум ичи тарып курбулардын арасында «Жазира кыздарды сатып иштеп атат. Абайлагыла, чет мамлекетте достору толтура аларды бул жака чакырып, кыздарды салып берип акча алып атат». – деп ушак таратып жиберди. Мен чет тилдерди жакшы билем, айрыкча англис тилде эркин сүйлөгөнүмөн улам, чет мамлекеттерде дос-тааныштарым көп. Алар Кыргызстанга келип калганда Бишкектеги кооз жайларды көрсөтүп койчумун. Бирок, Эльвира айткандай кыз сатканга менин дитим да барбайт болчу. Соткадан ашкан акчама барып жакшы көйнөк сатып алдым. Ар бир жолукканга башка кийим кийип баргым келчү. Кээде сатып ала албай калганымда Щахиданын көйнөктөрүн сурап алып кийип барчумун. Сотка алдым деп Тынайга телефон чалдым. Анда аны майлайлы деп дагы жолугушууга чакырды. Экөөбүз баягы биз биринчи жолу жолуккан мейманкананын 314-номеринен жолуктук. Дагы деле айдоочусу менен жан сакчысы келип мени үйдөн алып кетишти. Алар да менин телефон номеримди жатка билип калышыптыр. Мурун машинеге түшкөндө жан сакчысы ооз ачып мага сөз сүйлөчү эмес эле, бул жолу:

– Жазира, кол чатырыңызды алып алдыңызбы, жамгыр жаачудай болуп турат.

– Жок алган жокмун, машине менен кетип бараткандан кийин суу болбойт деле болушум керек, же жолдун ортосунан таштап коесуңарбы?

– Жо-жо-жоок, кантип таштамак элек. Болгону сага кам көрөлү деп жатпайбызбы. Иштериң жакшыбы, журналистикада эмне жаңылыктар болуп жатат? Кимден интервью алып жатасың? – Баары жакшы буюрса. Мага кам көргөнүңөргө рахмат жигиттер!

Андан ары сүйлөшкөн жокпуз. Биздин бул сүйлөшүүбүздү Тынайга айткан жокмун. Мейманканага келдик. Адаттагыдай эшикти ачып түшүрүп, номерге жеткирип койду. Дайыма биз ал номерде отурганда маңдайкы номерде 2 жан сакчысы кезек менен бизди кайтарып эшиктерин ачып турушчу. Бул жолу да ал маңдайкы номер ачык экен. Унчукпай кирип кеттим. Жалгыз отуруптур, достору келбептир. Кирип эле мойнуна асылып эзилишип кеттик. Мага баарынан анын менин эриндеримен өпкөнү майдай жакчу. Учурашып алып диванга отурдук, дасторконду жайнатыптыр. Алма, банан, ананас мөмөлөрдүн түрү, салат жана тамактар турат. Анан сөзсүз түрдө эт турат дайыма. Мен барганда шорпо келди, андан кийинки экинчи тамакты жөн эле койгула деди Тынай. Анткени мен баары бир тамак жебээримди билет.

– Жөжөшка, сен неге такыр эле тамак жебейсиң? – Билбейм, табитим деле жок. Анын үстүнө үйдөн тамак ичип, курсагымды тойгузуп алып чыккан болчумун. Өзүм деле көп тамак жебейм. Анан дагы сиздин душмандарыңыз уу кошуп койсо не кылабыз? Ошон үчүн абайлайм, – десем күлүп жиберди.

– Жо, чын эле сиздей болгон үлкөн саясатчынын душмандары чачтан көп. Жок кыла албай турушат. Ашпозчуга 500 доллар берип бир нерсе коштуруп койсо деле болот да.

– Кудай сактасын. Андан көрө бүгүнкү алган соткаңды мага көрсөтчү?

– Мынакей, ушул сотканы алдым деп ак телефонду көрсөттүм.

– ММС кармайт бекен?

– Ооба, баарын кармайт. Ошон үчүн ушуну жактырып алдым.– Аа жакшы, кут болсун! Эртең эле жыртылып калсын дечү беле? – деп тамашалап күлүп калды. Түнкү саат 12ге чейин керебетте эзилишип жаттык. Бул жолу да мага тийген жок. Бирок экөөбүз тең абдан эле дүүлүктүк. Түнү айдоочусу мени үйүмө жеткирип койду. Эртеси жумушка бардым. Катуу иштеп жатканбыз. Эшик ачылып эле бир букет ак роза көтөрүп бир жигит келди. Жазира деген эжеге бул гүлдү жигити берип жиберди деди эле, шеф да материалдарды карап жаныбызда турган. Баягы мага тийишип жүргөн кара тору семизинен келген кесиптешим да турган. Баарыбыз таң калып отуруп калышты. Шеф болсо Жазирабыздын жигити укмуш романтик го деп тамашалап калды. Букетти унчукпай алып кагазынан чыгарып вазага салып коюп алдым. Бир маалда «Иш күнүң ийгиликтүү улансын Жөжөшка! » – деген СМС келди. Ошондо гүлдү Тынай берип жибергенин түшүндүм. Баягы кесиптешимдин өңү каубарып эле сыртка чыгып кетти. Жумушту жакшы маанайда баштадым. Иш убактысы бүтүп, Нурикке жолуктум. Нурик менен 2-3 жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Ал менин кыялымды көтөрөт. Экөөбүз «Три метра над уровнем неба» аттуу киного кирдик. Манас кинотеатрынан чыгып, кафеге кирдик. Ал мени абдан сүйөт.Мен деле жакшы көрөм, бирок Тынайды сүйгөндөй ага сезим жок. Кафеден чыгып мени үйгө жеткирип койду. Эртеси дем алыш болуп калгандыктан эс алам го деп отурсам эле курбу кызымдын бир кездеги сүйлөшкөн жигитинин иниси эртеңки кечки саат алтыга байкемдин үлпөт тоюна келиңиз деп чакыруу баракчасын таштап кетти. Ал жигитинин аты Райымбек. Биз окууну жаңы бүткөн учурда курбум Гүлира экөөбүзгө жакшы колдоо көрсөтүп, үйүнө 6 ай бекер жашаганбыз. Анан эле ортодо дагы бир курбу кызым менен ысык мамиледе болгонун мен билип калып Гүлирага айтып койгом. Жаман оюм деле жок болчу. Эртеси эле Гүлира Райымбек таккан сөйкөнү эжесине жеткирип мен ага турмушка чыкпайм деп катуу айткан эле. Райымбек болсо артынан 1 жыл жакшы эле чуркады Гүлира такыр эле көгөрүп болбой койду. Мен да өзүмө жиним келди, эгер мен Гуляга айтпаганымда андай болбойт эле. Анан чакыруусун алып барсамбы же барбасамбы деп отурсам Гуля келип калды. Эмне болду дейт.Райымбек тоюна чакырыптыр үчөөбүздү баралыбы десем жок, сен эле бар. Андан көрө мага берген сөйкө шакектеринин баарын берейин кат да жазып берейин бир конвертке салып ошону да алып барып берип койчу деп калды. Аңгычакты эле Эльвира жумуштан келип тойго бара тургандан кийин антип анын маанайын түшүрбөй эле жакшы ой менен тойлоп келбейсиңби- деди. Мен мага баары бир, мен эмнеси болсо да анын тоюна барам. Себеби, ал мен кыйналып жүргөн учурда Гуля экөөбүзгө тең жардам берген, барбасам болбойт дедим да эртеси тойго жөндүм. Тойго кичине кечирээк барып калдым, анын достору мага кечигип келдиң деп болбой арак берип коюшту. Арак башты бат эле айлантат экен, көзүм ала чакмак болуп эле бетим кызарып отуруп калдым. Бир маалда тойдо досторуна сөз берилди. Мен чыгып жакшынакай каалоо-тилегимди айтып, белегимди бердим. Анан бир жаш ырчы жигитке айтып койгон элем, ал барып Райымбекти Каным экөөнү менин атыман куттуктап 3 ырын ырдады дагы кетти. Той аяктап калган кезде, Каным менен Райымбекти бери чыгарып гүл ыргытуу аземин өткөрмөй болду. Ошондо бойдок кыздар чыккыла дегенде жаш кыздар чыгышты. Мен болсо бери жактале кызарып отургам.Тамадасы улам эле журналист эжекебиз деп мага тийишип аткан болчу, журналист эжекебиздин жолдошу жок болсо чыгыңыз деп калды. Элдин баары кол чаап менин чыкканымды суранышканда уялып атып чыктым. Кыздар толтура жыйылып турабыз, мен бийигирээк такалуу туфли кийип алган элем, ошогобу же тагдырбы билбейм, ыргыткан гүлү менин колума түшүп калды. Кичине ичип алган жаным үйгө такси менен баргандан коркуп Нурикти чакырдым. Ал келип мени тойдон алып кетти. Үйгө келип гүлдү, тойдон түшкөн сүрөттөрдү чай ичкен үстөлдүн үстүнө коюп кетип калыптыр. Эртең менен башым ооруп жатсам эле Эльвира Гуля деп кыйкырды. Ошондо гана кечээки тойдон тосуп алган гүлдү, сүрөттү эстедим. Ошол күндөн тарта экөөнүн мага болгон мамилеси бузулуп, менден кынтык издеп гана калышты. Мен болсо алардын мамилесин этибар албай эле Тынай менен алек болуп жүрдүм. Тиги эки курбумдун ого бетер жиндери келип кантип өч алууну ойлоп жүрүшүптүр. Айтпадыбмы Шахида деген да курбум бар ал да биз менен чогуу жашайт аны да мага каршы кылып коюшуптур.А менин алар менен таптакыр ишим жок, баарын унутуп жалгыз Тынайны гана ойлойм. Бир күнү мен жаңы алган телефонумда тыңшоо (прослушка) бар экенин билип калдым. Телефонум жөн турган жеринен эле күйүп-өчүп калчу болду. Анан Тынайга айттым экөөбүз жолукканда ал мага дагы 500 доллар берди экөөбүзгө тең фонекстин аппаратын ал анда прослушка жок дегенинен 300 долларын гана алып окшош телефон көтөрүп келдим. Бири-бирибизге бекер чалып жыргап эле калдык. Бирок мен ага көп телефон чалчу эмесмин. Себеби, мамлекеттик кызматтагы кишинин менден башка маселелери жолуга турган адамдары толтура дечүмүн. Ал кандай бошосо ошондой мага телефон чалып, үнүмдү угуп жыргап калчу болду. Арадан күндөр өттү, менин махабат күндөрүм ойдогудай өтүп жатты. Бир гана жери үйгө барганда эч ким менен сүйлөшпөйм. Ал эми иште болсо ишим илгери гана жылгандын үстүндө болду.Кызматтан мен да кичине көтөрүлдүм. 14-октябрь болчу. Жумушта отурсам Тынай дагы телефон чалып Көлгө бара турганыбызды айтты. Мен дароо макул болдум. Себеби, ишемби күнгө туш болуп калган эле, жумуштан суранбасам да кете берсем болот болчу. 14-октябрь мен чоң жашоого аттанган, жашоомдо чоң өзгөрүү болгон дата болуп кала берди. Тынай экөөбүз кереметтүү Көлгө кайрадан бардык. Негедир ошол убактарда Көлдө салтанаттар иш-сапары көп болду, анан дайыма мени ээрчитип албаса жаман болот. Мен да өз кезегинде анын көңүлүн калтыргым келбейт. Бишкектен кечки саат 7лерде чыгып кеттик дагы ондон өтүп кирип бардык. Барсак биз барган коттедждердин жетекчиси бизди дасторконун жайнатып алып күтүп туруптур. Тынай мени уялбай эле, тескерисинче сыймыктануу менен ал кишиге тааныштырды. Тиги жетекчи мени таң калып карады. Себеби, менден башка бир да кыз же эркек журналист ал жакка барган эмес. Тынай: Бул сулуунун аты Жазира, өзү жаш болсо да бир гезиттин жүгүн аркалап келет, – деди. Тиги жетекчи унчукпай эле бизди коноктоп коюп, шашымыш болуп чыгып кетти. Баягы тамак өткөрбөгөн официанттар дагы деле жүрүшөт. Мен адаттагыдай эч нерсе деле жеген жокмун. Тамактанып алып көл жээктеп, бак аралап басып да келдик. Баягыдай эле көрүнүш биздин артыбыздын жан сакчылары да басышат. Биз токтосок артты карап, бассак артыбыздан ээрчишкенин калтырышпайт. Ага көңүл деле бурбай калыптырмын. Көлдүн жээгинде бир топко туруп калдык, мен ичиркенип кетенимен улам курткасынын боорун ылдый сыдырып мени кучактады.Чачыман жыттап, мойнуман өөп, эриндерибиз чапталып калды. А жансакчылары болсо бизге эч ким жолобосун деген таризде айланабызда дагы деле жүрүшөт. Ошентип биз көптөн бери күтүп жүргөн түн да келди. Менин буттарымдын калтыраганын көр. Өзүмдү кармай албайм. Экөөбүз адатыбызча эзилише өбүшүп, кучакташып, чапталышып эле жатып калдык. Тынай мени секске абдан даярдады, качан мен даяр болгондо гана буттарымды өйдө көтөрүп, белиме жаздык коюп анан абайлап өзүнүкүн киргизе баштады. Аныкы менин жан жериме кирмеги бир тозоктүн гана тозогу болду. Киргиче кара терге да түшүп бышылдап кетти. Албетте, жаш курагы өтүп калган киши болсо, жаш кыздын алдында жөн деле демигип кетсе керек. Менин жан жерим болсо чыдатпай оорута баштады. Аягында кыйкырып жибердим, мен кыйкырганда катуу түрттү эле алигиси менин жан жериме кирип эле кетти. «Тыз» эле дей түштү. Ишим бүттү деп калдым.Анан эле ошол киргизген боюнча бир калыпта жай кыймылдай баштады. Башында оорутуп кыйналып жаткан болсом, бара-бара ал оору тескерисинче жан жыргаткан оору болду. Себеби, анын арстаны менин жан жеримдин точкасын таап ошол точкага жага тургандай кыймылдап кирди. Астымдагы жаздык былчылдап эле чыкты. Тынай дары ичип алганбы же өзү эле төшөктө ошондойбу билбейм, айтор 2 саатча жөн эле иштеди. Акыры кумардын туу чокусуна жетти окшойт бакырып, мени катуу кыса кучактап үстүмө жатып калды. Мен астыбыз канга боелуп калды болуш керек деп ойлогом. Бирок, шейшепке бир да тамчы кан тамбаптыр. Баары мен да Тынай да каалап, биз күткөндөй болбой, теңирден тескери чыкты. Ошондогу ызаланганымды айтпа. Мен канчалык ак болсом да Тынайга эмне деп жооп кайтараарымды билбей турдум. Ал болсо шейшепти карап бозоруп эле туруп калды. Аны да туура түшүндүм. Чындыгында менин ак экениме ким ишенмек эле? ! Өзүмдү-өзүм жектеп, ызаланып аран эле турдум. Тынай ичинен канчалык жини келип, «Ушу чыпалактай болгон кызга кантип ишенип калдым, бул мени алдады, «буга чейин бул шуркуя канчалаган эркектин астында туйлап жатты экен», – деп ойго батып, сыртынан айткысы келди бирок карманып тилин тиши менен тиштеп турду. Төртүнчү түнү дагы ал иш болду. Бирок шейшеп дале таза бойдон. Анда да экөөбүз тең бозоруп калдык. Тынай мени канчалык жооткотпосун ызам көкүрөгүмө толуп, ага билгизбей ыйлап да алдым. Ошентип экөөбүз каалаган сыйкырлуу түн жаман түнгө айланды.Ошондон бери Тынай мени менен жолуккусу да келбей калды көрүнөт. Эмнегедир мага анын жылуу сөздөрү, кучагы, эркелеткени жетишпей жаман болуп жүрдүм. 2011-жылдын 3-ноябры болчу. Жумуштан чыксам Тынайдан «биздин жайга келчи, сагындым» деген СМСи келип калды. Үйгө келип, душка түшүп, жаңы ич кийимдеримди кийип, жаңы көйнөгүмдү үтүктөп кийип, жасанып алып экөөбүз жолуга турган жайга бардым. Кирсем эле эки досу менен отуруптур. Шайлоону майлап отуруп кызып да калышыптыр. Кирээрим менен эле бири сумкамды алса, экинчиси пальтомду алып абдан сылык мамиле кылышты. Тамактар биринин-артынан бири келип атат. Бир маалда бир каратору досу мага тийишип жеңе дей баштады. Бир топ сөздөр менен тийишти эле унчукпай кутулдум. Алар кетишти.Уландысын эртен жиберем


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: