Мыйыгыман жылмайып

Ар бир адам сүйүүнү ар башкача карайт. Айрымдары жума сайын сүйүүсүн жаңыртып турушат андайлар дагы бар. Кээ бирлери болсо бир жолу кезиккен сүйүүсүн эч качан кое беришпейт, аны менен өмүр бою жашашат. Мен экинчи топтогуларга кирет окшойм. Бир жолу сүйүп калган адамымдан ажырай албайм, ал адам жанымда жок болсо дагы башкасын сүйө албайм. Чыныгы сүйүүдөн кийин башка бирөөнү табуу – бул кыянатчылык. Мурдагы түгөйүңө, жүрөгүңдү жылыткан сезимдериңе жасаган кыянатчылык. Ооба, мен бир гана жолу сүйгөн адаммын. Мен экинчи жолу сүйө албастыгымды бүгүн так түшүндүм.

Биз 4 жыл мурун таанышканбыз. Досум Тимурдун үйүндө 8-мартты белгилеп жатканбыз. Көпчүлүк мас болуп калган. Балконго чылым тартканы чыкканда аны биринчи жолу көрдүм. Орто бойлуу, кара чачтуу, ак жуумал кыз маникюр жасалган колунун салаасына тамеки кыстарып, алды жакты ойлуу тиктеп туруптур. Мен да кызуу болчумун, мыйыгыман жылмайып, ширенке сурадым. Ал баш тарктан жок, зажигалкасын сунду. Биз аркы-беркини сүйлөшүп баштап, аягы жыныстык кошулууга аракет кылуу менен аяктады. Ийгиликсиз аракет болду, анткени мен аябай эле мас болуп калыптырмын, майнап чыккан жок. Мамилебиз укмуштуудай романтика менен башталды. Кыскасы, таң кала турган деле эч нерсе жок. Биз деген «Трех метров над уровнем неба» тасмасынын каармандары болсок да эмне болуптур, катардагы жаштарбыз.

Бирок биздин мамилебиз деле айрым романтикалык кинолордон кем калышкан эмес. Кыскасы, ошентип, биз 9-март күнү соолугуп, өзүбүзгө келип, баарын ак барактан баштадык. Кийинки бир нече жума бою бири-бирибизден ажыраган жокпуз, киного бардык, кафелерде болдук, аттракциондордо жүрдүк, жөн эле сейилдедик, жаздын жылуу күндөрүнөн ырахат алдык.

Ал менин кыялымдагы кыз болчу, аны бир көрүп эле түшүнгөм. Экөөбүз тең бирдей музыка укчубуз, бирдей кино көрчүбүз, бирдей эле тамашаларга күлчүбүз. Баары ойдогудай. Май айынын башында универден алыс эмес жерден кичинекей бир бөлмөлүү батирге чогуу чыгып алдык.

— Бема, мени сүйөсүңбү?

Пример HTML-страницы

— Сени менен жүргөн жагат.

Мен андан бир дагы жолу «сүйөм» деген сөздү уккан жокмун. Угууга зар болгон деле эмесмин. Мени менен жүрүү ага жакканы эле мага жетиштүү болчу. Чогуу жүрүүдөн ырахат алуу сүйүүдөн да маанилүү болсо керек. Ал үчүн маанилүү экенимди анын көздөрүнөн эле билчүмүн. Кыштын ызгаардуу суук күндөрүндө биз жылуу батирибиздин ашканасында бет маңдай отуруп алып, үнсүз тамеки чегет элек. Мындай учурларда бул дүйнөдө бизден өткөн бактылуу адам жок болчу. «Төп келишкен түгөйлөр» – досторубуз бизди ушундай пафостуу сөздөр менен тосуп алышат. «Бириккен жүрөктөр» дечүбүз биз өзүбүздү.

Кийинки жылдын 8-мартында таанышканыбыздын бир жылдыгында ага шакек белек кылдым.

— Ар дайым мендик бол…

— Мен ансыз деле сендикмин…

Апрель айында үлпөт той өткөрдүк. Эски досторубуздан эч кимди чакырган жокпуз. Досторубуз менен байланышып турчубуз, бирок алар экөөбүздүн жашообузда жок эле. Группалаштар, ата-энелер, кесиптештер – баары биздин жаш үй-бүлөлүк кемебиздин сыртында калышты. Биз экөөбүз толугу менен жуурулушуп кеттик. Ал мендик, мен аныкы болдум. «Төп келген түгөйлөргө» башка эч кимдин кереги жок болчу. Бирок тагдыр башкача кылууну туура көрдү. Июнь айында Бермет кош бойлуу экенин билдик.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Балалуу болуу жаңылыгы мамилебизди өзгөрткөн жок. Биз чыдамсыздык менен балабызды күтүп жаттык. Бир гана нерседен баш тартууга аргасыз болдук – кечкурун чогуу отуруп тамеки чегүүнү таштадык. Жаш балдар – биздин жашоонун гүлдөрү. Мен Берметти биринчи көргөндө эле андан балалуу болууну самагам, ошондуктан жакшы көргөн адатымды курмандыкка чалдым.

— Жанара!

— Жок, Айжаркын!

Кызыбыздын ысымын тандоо мамилебиздеги биринчи талаш-тартыш болсо керек. Жакшынакай ымыркайыбыз андан кийинки жылы 8-мартында жарык дүйнөгө келди. Бул дата артыбыздан ээрчип алгандай. Кызыбызга Айжаркын деген ысымды ыйгардык, жубайымдын кичинекей суранычын четке кага алган жокмун. Биз үйгө чыгып келдик. Кадимки жаш үй-бүлөнүн өмүрүн сүрүп жаттык. Подгузниктер, присыпка, буламык, сүт, түнкү саат 3тө ойгонуу – булардын баарына карабай, биз бул Ааламдагы адамдар болчубуз…

Андан кийин Беманы ооруканага алып кетишти. «Өпкөсүндө мандем бар» дешти. Биз Айжаркыным экөөбүз тынчсызданып үйдө күтүп калдык…

Бир жолу сүйүп калган адамымдан ажырай албайм, ал адам жанымда жок болсо дагы башкасын сүйө албайм. Чыныгы сүйүүдөн кийин башка бирөөнү табуу – бул кыянатчылык. Мурдагы түгөйүңө, жүрөгүңдү жылыткан сезимдериңе жасаган кыянатчылык. Ооба, мен бир гана жолу сүйгөн адаммын. Бүгүн 8-март кызым 1 жашка чыккан убак. Мен экинчи жолу сүйө албастыгымды бүгүн так түшүндүм.

— Мен сени түбөлүк сүйөм, Бема…

— Сени менен бирге жүргөн жагат… – сүйүктүүмдүн үнү кулагыма угулду…

Артыма бурулдум. Бирок эч ким жок. Мен бозоргон мазардын алдында чөгөлөп отурдум. Өпкөсүндөгү мандем кургак учук болуп чыкты. Дарыгерлер Берметти сактай алышкан жок. Солкулдап токтоно албай ыйлап отуруп, кызарып чыккан жүзүмдү март айынын ичиркенткен шамалы аймалаганча дагы бир нече мүнөт ошол жерде турдум.

— Эл аралык айымдар күнү менен…Биздин күнүбүз түбөлүккө…

Мен өйдө болуп, топурак болгон тиземди күбүп, автобус аялдамасын карай жөнөдүм. Үйдө мени Айжаркын күтүп жаткан – биздин түбөлүк сүйүүбүздүн далили…


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: