2-болум
Будильниктин чырылдагы ойготту. Туруп ваннага кирип чайканып алдым да, ашканага чай койдум. Курсагымды кампайтып алып, Тилекмат менен коштошо, сабакка жөнөдүм. Сабак адаттагыдай үч пар. Көнүмүш арткы партада отурам. Ушул 1 жылдык дүкөнчүнүн окуусун тезирээк бүтсөм дейм. Иштегим келет, студенттер арасында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем. Үчүнчү пар бүтөөр менен эч кимге карабай, Тилекмат айткан адреске жөнөдүм. Эки этаж эски үйлөрдүн экинчи кабатында, бир бөлмөлүү үй экен. Мен барганда комнатага керектүүлөрдүн баарын Нивасы менен ташып келип коюптур. Өзүмдү керемет сезип кеттим. Таза бөлмө, ванна-туалет ичинде, ашканасы бар, газы бар. Чакан муздаткычынын ичин эт, продуктуга толтуруп коюптур. Чай койдум. Столго маңдай тескей отурдук.
— Калбү, бул сенин квартираң, , бирок менин сенден бир өтүнүчүм бар, сен эми күйөөңдүкү гана эмес меники да болдуң. Ошол үчүн түз жүр, башкаларды бул жакка алып келбе, өзүң каалашыңча жаша. Башка бирөө менен жүргөнүңдү көрсөм, бул үйдөн кубалап чыгам. Түз жүрсөң, сага ушул үйдү биротоло сатып берем, материалдык жардам берем, — деп мага лекция окуду. Башымды ийкей, чайын бердим. Айтор не айтса да макул дей бердим. Чай ичтик.
— Калбү, мен сага кечке карай телефон чалам, атайын сени менен кабарлашып туруу үчүн, телефону бар квартира тандагам, — деди да, ордунан туруп бетимен өөп чыгып кетти.
Квартиранын терезелери күн тарапты карап, балкону бар, кыялымдагыдай эле үй экен. Эрикпей муздаткычты оодардым. Эт, сары май, сүт баары бар. Шкафты аңтарсам, үстүнкү көзүндө инди чайлары. . Айтор продуктусун аянбай алыптыр.
Тилекмат чалгыча деп, 2 кишилик керебетке ырахаттана жата кетипмин, көзүм илинип кетиптир…
Телефондун шыңгыраганынан чочуп ойгондум. Туруп барып трубкасын алдым:
— Ало
— Ало, жаным, мен бир сааттан кийин барам, жакшылап тамак жасап кой ээ.
Тилекматтын үнү жылжып угулду.
— Макул дей трубканы койдум да, тамак жасоого кириштим. Эттен туурап, картошка кошуп, чакан кесме баса койдум. Столдун үстүнө кечки дасторконду даярдай, Тилекматты күтүп отурдум. Эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Туруп барып эшикти ачсам Тилекмат экен. Чапанын чечип, колун жууп, ашканага кирди. Столго тамакты коюп, чай куюп, маңдайына отурдум.
— Аялымды эртең айылдан алып келем, эртеңден баштап түшкүсүн келип кетип турам. Бүгүн сени коркпосун дедим, эртең уже көнө түшөсүң.
— Кечкисин бир маал да келе албайсыңбы?
— Шек туудурбайлы, аялымдын агасынын аркасында оңолдук. Кайнагамды гана сыйлайм, болбосо сени токолдукка алып алат элем. Мени да туура түшүн.
Өзүмчө бук болдум, аялынан Тилекматты кызганып. Сыр бербей баш ийкеп кутулдум. Менин көп сүйлөбөгөнүм да жагат тигиниме. Сыягы, аялы тажаал болсо керек. Ашкананы жыйыштырып залга келдик, үй ичи тымтырс, керебетке чечинип жаттык. Бул күнү Тилекмат өтө активдүү болбоду. Эптеп мени менен төшөк ишин бүтүрө сала уйкуга кетти.
Эртең менен ойгонсом жанымда Тилекмат жок, эбак туруп кетиптир. Чоочуп барып, эшикти карадым, рас чаптырып кетиптир. Эртең мененки саат 7лер болуп калыптыр. Квартирам окуума 3 гана квартал, 10 минутта жетип барам. 8ге чейин үлгүрчүдөй экемин. Айылдан келгеним 3 күн болуп кетиптир. Тилекмат менен таанышып, 3 күн кандай өткөнүн билбепмин да. Чай коюп, жуунуп, чачымды тарап, дептерлеримди салыштырдым. Аңгыча чайым кайнады, жалгызсырап чай ичтим. Кийинип алып, сабакка жөнөдүм. Күндөгүдөй эле үч пар, акыркы пар строгий агайдыкы экен. Сабак бүтүп чыгып баратсам:
— Калбү, токточу, — деп чакырып калды. Жанына келдим -кабинетиме бара берчи, азыр мен барам, — деди.
Баш ийкей кабинетине жөнөдүм. Кабинетине кирип отурсам, агай келди. Адаттагыдай ичкери бөлмөсүнө кирдик. Бул жолу агай таза материал даярдап койгон экен. Кабинетин ичинен бекитип, материалды төшөк кылып салып, экөөбүз адаттагыдай төшөк кумарына кириштик. Кечээ Тилекмат көңүлсүз эптеп эле өзүнүкүн бүтүрүп, менин белим зыңкыйып калган. Даяр турган денем агайымды баса жыгылдым. Аны күтүп отурбай, оозунан соруп, үстүнө жаттым. Бир колумду аспабына жиберип, жумшак сыладым. Байкуш агайымдыкы деле зыңкыйып араң турган экен, тууралап туруп уруп калдым. Агайымдын аспабы жылжып кирээр менен үстүнө теминип кирдим. Ал түшүрө электе өзүмдүкүн бүтүрүп алайын деп болушунча чапкыладым. Эмгегим текке кетпей, тийчү жериме тийип, жыргай түштүм. Аны кыраакы агайым байкаган окшойт, мени көмкөрөмөн жаткызды да, эки колу менен эки эмчегимди ууштап алып, артыман урдуруп кирди. Агайым улам урган сайын жыргалымын туу чокусу!
Опытный окшойт, бирде оң жакка урдуруп, бирде сол жакка урдуруп, бирде түздөп урдуруп жатты. Аспабы бошоп шалдайып калганда гана менин кучактай жатып калды. Экөөбүз кабинетте экенибизди унутуп, жыргалдын туу чокусуна киргенибизче көп убакыт өтүп кетиптир. Тилекматты эстедим, азыр келип калышы мүмкүн да. Ордуман туруп кийине баштаганда агайым колумдан тарта жаткызды.
— Экөөбүз бир үйдөн кыналышып жатсак болот эле, Калбү, сени менен бир түн жаткым келет, бир амалын ойлончу, — деди.
Көнүмүш адат менен баш ийкей кийимимди кийдим да, коштошо сыртка бет алдым. Квартирама келсем рас Тилекматтан дайын жок экен.
Баса, бүгүн ал аялын айылдан алып келмек да, аны такыр унутуп дегдеңдеген экемин го. Ваннага кирип бир сыйра жуунуп чыктым да, чай койдум. Чай кайнагыча өзүмдү күзгүгө карап отурдум. Айылдыктай болбой кичине прическа жасатыш керек экен. Стилный кийинүү керек. Мунун баары акча, баса стипендия 70сом алам, Тилекмат берген 50сом, мурунку акчадан 12 рублдай бар. Өзүмдү зыңгыратып алып жүрүүм керек. Буркулдаган чайнектин үнүнөн ашканага кирдим. Чай кайнаптыр, чайымды ичип, жатаканага жөнөдүм. Жатаканага келсем кыздар комнатада отурган экен. Мени көрүп чурулдап жиберишти.
— Калбү, кайда жүрөсүң, же сабактан биз менен он сүйлөшпөйсүң? Не болду сага, кайын журтуң квартира таап бердиби сага, күйөөң келмей болдубу?!
Түрлүү суроолору түгөнбөйт.
— Кыздар, менде баары жакшы, туугандарымдын үйүндө жатам, силерге да келип турам. Күйөөм айылда эле иштей берет. Окуумду бүткөндө айылга кетем да.
Ички сырымды айтпай, токтоо сүйлөдүм. Кыздар болуп чай ичтик, карта чабыштык, кеч кире баштаганда гана квартирама жөнөдүм. Жалгыздык кандай жаман, кыздардан эрчитейин дейм, Тилекмат не дейт. Илкий басып кирдим үйүмө, көңүлүм тамакка да тартпады, жатып алдым. Тилекматка көнө түшкөн экем, аны жоктодум. Эртең менен эрте ойгонуп алдым, кардым ачып, вермишел басып жедим. Күзгүнүн астында турдум. Бүгүн сабактан кийин сөзсүз чачымды жасатпасам деп чечтим. Сабакка барып, 2 пардан соң кетип калдым. Чачтарачка барып, жарашыктуу прическа жасаттым. Колумду маникурлаттым. Чачымдын жасалгасы сонун болду. Андан ары магазинге кирдим. Жакшынакай көйнөк тандадым, 2 саат тандап отуруп өзүмө жарашыктуу көйнөк алдым. Квартирама келип, көйнөгүмдү кийип, чачымдын жасалгасын көрүп, өзүмдүн ажарлуу болуп калганыма кубандым, дагы канча суктанып күзгүнү тиктеп турат элем, эшиктин коңгуроосу шыңгырады.
Тилекмат экен деп жүгүрүп бара эшик ача салсам, узун келбеттүү жигит турат.
— Сизге ким керек? — дедим.
— Чоң кыз, сизден суу чыгып жатабы, бизде суу жок, мен маңдайкы кошунаңыз болом да. Сиздей сулуу кыз бул квартирага көчүп келгенин билбепмин, — деди ыржая.
-Тура туруңуз, азыр карайын, — дедим да ваннага кирип суу агыздым, суу жок экен.
-Байке, чынында суу жок экен, — дедим башымды эшиктен чала чыгара жооп берип.
— Атыңыз ким чоң кыз, меники Малик.
-Меники Калбү, — дедим да эшикти жаба беките салып, ашканага кирдим.
Кандай тамак жасасам деп ойлонуп жатсам, эшик шыңгырады Дагы баягы жигит болбосун деп, глазокту карадым. Тилекмат экен. Эшикти ачтым, Тилекмат кирип эшикти бекитээри менен мойнунан кучактай бетинен өпкүлөдүм. Бир күн көрбөгөнгө алда мени сагыныптыр, бут кийимин чече сала, мени кроватка жетеледи. Кийимдерибизди чечип ыргыттык да, төшөккө кирдик. Оозубуздан сорушуп, кучакташып сагынычыбыз канбай жатат. Дайыма демилгечи менмин, Тилекматтын турсийин чече, өзүмдүкүн да чечип үстүнө жаттым. Кулагынан бир, оозунан бир өбөм. Аспабы чыңалып турган экен, тууралап туруп, салып койдум өзүмдүкүнө, анан теминип желе баштадым. Кынымдын ичинин бир точкасы эле качат, мен аны кууйм, ошол точкага жетсем эле жыргачудаймын. Бир кезде Тилекмат мени көмкөрөмөн жаткызды да, желип кирди, дале точкама жетпейт. Жамбашымды көтөрүп, тоңкойдум. Агайымдын мени ушинткени жаккан да, Тилекматка ушул керек беле, же мурда эле билчүбү, эки эмчегимди эки колу менен кармап, мени заңкылдатып урдура баштады, кудум ит кыңшылагандай кыңшылап, жыргалдын туу чокусуна жетип жаттым.
-Ушул поза мага жагат, — деди Тилекмат, — аспабым маткаңды жакшылап урдурат. Мындан кийин ушинтип тоңкойуп берип жүрчү, жанымды жыргаттың! — Аспабындагы уругун чачып, жеңилдеп, мени кыса кучактады. — Уруктарды ыйынба, мага окшош уул төрөп бер Калбү, экөөбүзгө уулубуз данакер болсун.
Селт этип кеттим. Мага азыр бала эмес, өз кара жаным керек эмеспи, бирок билдирбей:
— Макул, кийинчерээк, азыр жыргаша туралы да — деп күлдүм.
Тилекмат экөөбүз дагы бир аз кучакташып жаткан соң, ал туруп ваннага кирди. Ал жактан чайканып чыгып, кийинди да:
— Баса, мен сага Горторгдон көп нерсе ала келдим шабашкамдан, азыр машинадан алып келе калайын, — деп ылдый түшүп кетти.
Акырын терезеден карадым. Чоң коробка бир нерсе көтөрүп келе жатат. Эшиктин түбүндө ачканы даяр турдум. Тепкичтен баскан үнү азайганда эшикти ача салдым. Килтейген коробканы ашканага киргизе салып, «азыр келем» деп кайра түштү. Кайра терезеден аңдыйм. Бир оролгон нерсе көтөрүп келе жаткансыйт. «Не болду экен?» деп кызыктым. Тилекмат кирээри менен оролгон нерсесин ача мага сунду.
— Кыш келе жатат. Бул сага сапошка, аялыма бирди, сага бирди алдым. Бутуңдун размерин өткөндө карап койгом. Тиги коробканы өзүң ачып жайгар, мен шек санатпай аялыма кеттим.
Чекемен өбө, бир сыга кучактап алды да, эшикке жөнөдү. Эшиктин замогун бекиттим да коробканы ачтым.
Үстүндө өзүнчө салафанда өзүнчө зат бар сыяктуу, ачып карасам ич кийимдер, колготки, наски, анан бир сонун жемпир бар экен. Аларды залга керебетке ыргыттым да калганын аңтардым. 10 пачка инди чайы, сары май, сгушенка, сметана, 4 кгдан ашуун эт, күрүч, калганы жашылча экен. Инди чайы ал кезде дефицит эле, сары май, сгушенка дегенди ветерандар гана ала алчу да. Кой эми, жемпирди кийип көрөйүн дедим, күзгүгө келип жемпирди кийдим. Магазинчилер эле кийинчү кийим да. Адамдын көркү чүпүрөк, жарашып эле калды. Сапошкасы да чак, куюп койгондой чак, анан жарашыктуу. «Кыш келээри менен кийип барсам, шумдук байдай эле көрүнчүдөймүн» деп кыялданып жатам. Ушунун баарын күйөөм апериши керек эле, кайненем жоктон башканы айтпайт. Күйөөмдүн зарплаты кайненемдин колуна түшөт, анысы аз келгенсип мен стипендиямы берем. А Тилекмат мага бүт жагдайымды жасап отурат, «муну колдон чыгарбоо керек» деп чечтим. Баса, айылга бараарыма да 2 күн калыптыр. Аякка барганым менен жол расход өзүмөн кетет, 2 рубль кетет кайтаарда бир гана нан салып берет кайненем. Кой, бул жашоом болбойт, айына 10 рубль жолума кетсе, күйөөм акча берчү ою жок.
Кайра менин 70 рубль стипендиямды аңдышат. Баса ачуу басарыма да болгону 500 рубль алып барышкан, же кой апарбай, же арагы, таттуусу жок, ансыз да жакыр турган ата энемди карызга батырышкан. Атам намыстанып бирөөдөн карыз кой алып союп, алып барган 500рублдан берип кутулган. Андан да 5 киши барганычы, аларга эки шым костюм кийгизип, калганына көйнөк берсе, кайненем наалыган мага: «Жакыр жерден келин алган курусун, барган кишилерге мени уят кылды» деп.
Унчукпай башымды жерге салып бергем. Менин эң жакшы сапатым унчукпоо, койдон жоош жүрөм.
Ошол үчүн мага баары ишенет. Ушуларды эстеп жесир кайненемди жек көрүп кеттим. Өз ата-энемди кандай болсо да байытуунун жолун табууну көздөдүм. Ушул суббота барганда, кайтып келе жатып таң эрте ата-энемдикине элге көрүнбөй кирүүнү пландадым. Неге мен багып өстүргөн энемди ойлобойм, атамды неге аябайм. Не болсо да аларга жолугуум керек.
Жемпир-сапошкаларды тыкандап шифонерге салдым да, кечки тамакка кам көрдүм. Муздаткычта 3кгдай эт бар, дагы 4кгдай эт алып келген экен. Этти, сары майларды муздаткычка салдым да, бир аз эт туурап, көнгөн картошкамды куурдум. Жалгыз киши тамак деле жебейт экен, бир аз тамак жеп, чай ичтим да, керебетке кыйшайдым. Түркүн ойлорду ойлонуп жатып уктап калыпмын, ошол бойдон эртең менен эрте бир ойгондум. Жуунуп келип, кечиндегиден ашкан тамакты жылытып жеп, сабакка жөнөдүм. Бүгүн рас строгий агайдын сабагы жок, сабактан кыздарым менен ээрчишип жатаканага бара кетейин деп ойлондум. Сабак башталып, сабак бүткүчө араң чыдадым. Сабак бүтөөрү менен комнаталаш кыздарым менен жатаканага жөнөдүм. Кандай гана жакшы, кыздар менен чогуу жашаган, көңүлдүү. Кыздар чай койду, Гүлүмкан адатынча балээнин башын чыгарды.
— Кыздар, бүгүн бир таанышкан жигитим Мир кино-театрына киного чакырды, кечки 7де башталат, барып келбейлиби? Жүр Калбү, сен да бар, үйүңдөгүлөрдөн суран.
— Мейли, — дедим, — Мен анда үйгө барып суранайын.
Чала була чай ичип, квартирама жөнөдүм. Бүгүн Тилекмат түштөн кийин келет да, ага тамак жасап, «милдетимен» ашыгы менен кутулуп, андан соң киного барайын. Жаштыгым күйөө менен токолдукка кор болобу? Квартирама келип, шаша-буша иреттеп, тамак жасай салдым. Бат келсе деп Тилекматты күтүп отурам. Саат 4төн өткөндө гана Тилекмат келди. Ашканага кирип чай ичип, мени менен жашоо жөнүндө тема баштады.
— Калбү, сен жашсың, көп нерсеге түшүнө бербейсиң. Менин жашым отуздан ооду, жумасына 4 жолу араң сени менен болом. Арасында жин ургансып аялым да каалап калат. Баягы 25 жаштагыдай болбойт экен. Бүгүн экөөбүз секс жок эле сүйлөшөлү. Эртең сен күйөөңө барасың. Суббота, базар мен үйдө болом, сага келе албайм. Сен күйөөңдүн парзына даярдан, мен аялыма даярданайын. Бирок күйөөң менен жатаарда боюңа болтурбаганга аракет кыл. Азыр жашсың, шашпай менден төрө. Күйөөң жаман болсо ажыраш, мен сени багып алууга кудуретим жетет.
— Макул, айтканындай кылам, тамактан жечи, чай иччи, — дедим анча жактыра бербей.
— Азыр тоюп барсам, кайдан тоюп келдиң деп, аялым шектенет. Тамагың даамдуу болуптур, ооз тийдим. Бул аз деп таарынба, 5рубль болсо да жолуңа жарайт, шабашка болсо, көбүрөөк берем ээ, — деп, 5 рублду стол үстүнө койду да коштошо чыгып кетти.
Ух, кандай жыргал! Киного барам, 5 рублду шкафка койдум да, кечки киного даярдана баштадым. Жаңы сатып алган көйнөгүмдү кийдим, үстүнө Тилекмат алып келген жемпирди кийдим, куп жарашыктуу болду. Колготки кийип, туфли кийсем эле периште болуп калат экемин го. Чачымды флойка менен жасалгаладым. Мен күткөн убак жакындаганда жатаканага жөнөдүм. Кыздарым мени көргөндө таң калганын жашырышкан жок.
— Ой ууй Калбү, бүгүн өзгөчө сулуу болупсуң го. Бизге 4 жигит, төртөөбүзгө келет, Калбүнүн эрге тийгенин айтмай жок, — деди Гүлүмкан чыңкылдап.
Аңгыча терезе тырс деп майда таш тийгенсиди, Гүлүмкан карап эле, так секирди.
— Ураа кыздар келди жигиттер, кеттик киного!
Жатаканадан чыкканыбызда келишимдүү төрт жигитти көрүп сүрдөй түштүк. Алар бизди кинону көздөй ээрчитип жөнөдү. Узун бойлуу, келишимдүү жигиттин аты Мурат экен, таанышканда эле мени колтуктап мени ээледим дегенсип, мага подход түзө баштады. Мир кинотеатрына келдик.
Реклама
Поделись с друзьями ↙️
Окуя жазуу бөлүмү. ❤️Ушул кнопканы бас !