Ойношко айланып

АЯЛДЫ ОРГАЗМГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ЧЕКИТТЕР…

Чыныгы секс оргазм менен аяктап, төшөктөгү өнөктөштөрдү канааттандырышы кажет. Бул үчүн аял, эркек дебей, бири- биринин денесиндеги эрогендик зоналарды билүүсү кажет. Аялды жыргалдын туу чокусуна чыгарууну каалагандар аларды оргазмга жеткирүүчү чекиттердин кайда экендигин билип алышса болот.

G чекити Көрсө, аялдарда бир эмес, оргазмга жеткирүүчү бүтүндөй 3 чекит бар экен.

G чекити аялдардын жыныс кынынын ичинде, 5-6 сантиметр те реңдикте жайгашкан. Бул чекитти 1950-жылы немис гинекологу Эрнест Грэфенберг ачкан. Андыктан чекит ушул адамдын фамилиясынын баш тамгасынан аталат.

Аталган чекитке таасир этүү менен, аялга жыргал сезим тартуулоого болот. Ал үчүн эркек “алигиси” менен аялдын кынынын ичин жакшылап ыйкашы керек. “Эркек үстүндө” ыкмасын колдонуу абдан ылайыктуу.

Пример HTML-страницы

Өз алдынча жыргалга баткысы келген аялдар колу менен жыныс кынын эмне үчүн ыйкайт десе, сыры ушунда тура.

U чекити Бул чекит заара чыгаруучу каналдын үстүн жана эки капталын камтыйт. Аталган чекит жакында эле америкалык изилдөөчүлөр тарабынан ачылган. U тамгасы англисче urеtral spot дегендин кыскартылган түрү, бизче “заара чыгаруучу каналдын чекити” дегенди түшүндүрөт. Чекит «Скин бези» деген аталыш менен да белгилүү.

Анткени аял оргазмга жеткенде без суюктук бөлүп чыгарат. Суюктук болсо заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Муну түшүнбөгөн эркек тургай аял өзү да “заара ушатып койдум окшойт” деп жаман абалда калат.

Андыктан мындай абалды табигый нерсе катары кабыл алуу керек.

Өзүн-өзү рахатка батыргысы келген аялдар аталган чекитке массаж жасоосун сексологдор сунуштап келет.

А чекити Окумуштуулардын бир тобу бул чекиттин бардыгын ырастап, “жатындык оргазмга жеткирүүчү чекит” деп аташат. Булардын ою боюнча чекит аялдын жыныс кынынын абдан тереңинде жайгашкан. Чекитке эркектин “алигиси” жетип, ыйкашы үчүн аял алдына катуу жаздыкча коюп алышы шарт.

Аял үстүндө, же 4 буттап туруу ыкмасын колдонсо да жакшы.

Жатындык оргазмга гана канааттанган аялдар фаллоиммитаторду (жасалма жыныстык мүчө) колдонот делет.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Ал эми окумуштуулардын экинчи тобу бул чекитти төгүнгө чыгарып келишет. Буга кээ бир аялдар эркектин жыныс мүчөсү терең кирсе, оорутууну сезе тургандыгы себепчи делет.

Силер билесиңерби?

ЭРКЕК ОЙНОШТУН ТҮРЛӨРҮ

Күйөөсү аялын эркелетпесе, аны менен үй-бүлөлүк маселелерди чогуу талкуулабаса, же аялын төшөктө канааттандырбаса, анда аял башка мачо эркекти көксөйт.

Ошентип, тымызын ойнош күтүү келип чыгышы мүмкүн.

Секс үчүн ойнош Балдарды сүйгөн, атүгүл, чайын өзү даярдап ичкен күйөөсү төшөктө нөл болсо, аялы ойнош күтүүгө барышы ыктымал. Анткени аял төшөктөн лаззат алгысы келет.

Секс үчүн гана эркек менен жолугууга барган аялдардын көбү аларды сүйө деле беришпейт.

«Жолуктук, тарадык» дегендей гана кеп.

Жакшы жагы. Секс үчүн ойнош табуу кыйын эмес. Мисалы, жумуштан, сейил багынан, сиз жашаган подъездден. Кемчилиги. Аял сүйүү болбосо, оргазм анык жыргалга окшобой тургандыгын сезет. Сүйүп калууга аракет кылайын десе, өзүнүн балдары, күйөөсү бар. А мындай бакыттын эмне кереги бар?

Оозеки ойнош

Сексте мыкты болгону менен күйөөсү сөзгө жок, бир жакка аялы менен барууну каалабайт дейли. А аял болсо театрга же киного барып бир нерселерди эркек менен талкуулагысы келет. Абалдан чыгуунун жолу катары аял оозеки ойнош күтүүгө баруусу мүмкүн.

Мындай жагдайга көбүнчө күйөөсү окубаган, билимдүү аялдар туш келишет. Аял өзүнө пикирдеш эркек менен кийим, ичкилик, жадакалса, секс жаатында да сүйлөшө алат.

Жакшы жагы. Бир пикирдеш дос табуу – жагымдуу нерсе.

Кемчилиги. Билинбей жүрүп оозеки ойнош эркек чыныгы ойношко айланып кетүүсү толук мүмкүн.


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: