Жене менен Кайни

Жене менен Кайни
Салам, сулуу кыз.- Салам. — Алмаш аны ыңгайсыздана карап алды. — Кечириңиз, мен байкабай калдым, — деп жол бошото өтүп кетмек болду.- Эчтеке эмес, катуу ойлонуп турсаңыз керек.- Сизге кызыгы жоктур, бейтааныш эмеспизби, — деп жолун улады. Жигит анын артынан калбай кошо келе берди:- Шашпаңыз, токтой турсаңыз, менин атым Элмурат, — деп быдылдап жандай басты. Алмаш үн дебеди, бет алдын түз карап кете берди. Ак саргыл, сурмасы жок, мурду кырдач, чачы артына түйүлгөн узун бойлуу кыздын оюнда акча табуу үчүн жумушка орношуудан башка санаа жок эле. Элмураттын сүйлөп келе бергени ага күлкүлүү сезилдиби токтой калып:- Кызык экенсиз, көрүнгөн кызды ушинтип тааныш деп кыйнай бересизби? — деди.- Жок-жок, бир нерсе издеп жүрөм, балким ал сиздедир деп эле…- Эмнени?! — Кыз таңгалганынан кабак чытып, көздөрүн алайта карады. — Менде эмнеңиз болмок эле?- Атыңыз ким, айым кыз? — Аңгыча Элмурат кыздын маңдайына тура калды. — Айтыңыз атыңызды, уктуңуз менин атымды, күлгөнүңүз гүлдөй ачылган, табамбы сизден бактымды?- Укмуштай сөзмөр экенсиз…- Сөзмөр кылган ички сезим, мындай абалымды түшүндүрүш кыйын болуп турат.- Кеч кирип кетет, мен кетишим керек.- Атыңызды айтып кетиңизчи! — Атым Алмаш. — Алмаш жылмайып койду.- Бир кездерде бирге жүргөн Алмашым.Алыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың? Сиз кадимки Рыспайдын Алмашысыз го дейм, мен сиздин Рыспайыңыз болоюн!- Кечириңиз, мен кетишим керек.- Бир аз токтой турчу, Алмаш.- Убактым жок. — Ошол кезде чөнтөк телефону чыр этти. — Аа-а, эже, азыр жетем, жолдо баратам, — деп телефонун өчүрдү да: — Мени күтүп жатышат, — деп ылдамдай басып кетмек болгондо Элмурат аны дагы токтотуп калды.- Алмаш, кафеге кирип чыгалы, мүмкүн бир аз сүйлөшөөрбүз? — Эжем урушат.- Анда эртең жолугалы. — Жок, эртең бошобойм, жумуш издешим керек.- Кандай жумуш?- Кадимкидей эле.- Кандай жумуш жагат?- Акча чыга турган болсо болду. — Күлүп койду Алмаш.- Мен таап берем, эртең ушул жерден жолугалы.- Макул, жага турган иш болсо болду.- Сага жага турган иш табам, Алмаш, телефонуңду берчи, мен өзүм чалайын сага.- Макул. — Алмаш телефон номурун айткан соң коштошуп, үйүнө жөнөдү эле:- Узатып койойун, — деди Элмурат. Алмаш үндөгөн жок, анын жанында унчукпай кетип баратты. Үмөталиев көчөсүндөгү батир үйгө жеткенде кыз:- Келип калдык, — деди күлүмсүрөй. — Сизге рахмат.- Эчтеке эмес, жакшы жатып, жай туруңуз, — деген Элмурат Алмаш менен коштошуп, келген жагына кетти…Биздин каарманыбыз Элмурат майда ишканалардын биринде иштейт. Алар кытайлардын кукси чыгарган ишканасы. Ал жерде Элмурат менеджерлик кылат, бир аял алса, анысы Элмуратты жактырбай жүрүп, кетип калган. Алты ай жашашты. Гүлина бир үйдүн жалгыз кызы эле, колунда бар адамдын кызы болгондуктан, менеджерлик жумуштун айлык акысына ыраазы болбоду. Элмурат жумшак мүнөздүү элпек жигит, болгону анча сулуу эмес, көрүнүшү бир аз кополураак. Бирок өзү абдан адамгерчиликтүү, жагымдуу жигит. Ал түнү бою ойлонуп чыкты. Алмашты бир көргөндө эле жактырып калды. «Кандай болсо да байдын кызы болбосунчу» , — деп ойлоду, анткени Гүлинадан көңүлү калган эле. Гүлинаны ал сүйгөн эмес, өзү Элмуратты эки-үч курдай товар ташып жүргөндө көрүп калып, машинасы менен иштеген жерине жеткирген. Ошондон кийин тез-тез келип турду. Бир күнү келиптир, аябай кубанып алган.- Элмурат, сен экөөбүз бир жакка барышыбыз керек, — деди.- Кайда?- Барганда көрөсүң.- Ачык айта берсең.- Жок, айтпайм, кеттик, — деп колдон алды.- Гүлина, ачык айтпасаң барбайм.- Барасың, — деп болбой машинасына жетелеп барып отургузду да, айдап барып заңгыраган үч кабат үйдүн эшигине токтоду. — Мына келдик, бул жерде менин ата-энем бизди күтүп жатат, — деп күлө карады. Жигит ушунча келген соң терс бурулуп басып кете албай, Гүлинанын көңүлүнө карап, жетелеше дарбазадан кирди. Аларды курсагы чоң, кашка баш алтымыштардагы адам менен арыкчырай аял тосуп алды.- Ассалоому Алейкум! — Элмурат колун сунду эле, тиги киши колун бербестен:- Аллеки Салам, келгиле, балдар, — деп жактыра бербей ары басты.- Киргиле, балам, Гүлү үйгө алып кир, — деп апасы сыпайы гана кол жаңсап, ичкери карай басты.- Апа, Элмураттын жумушу көп, бир азга гана болбой алып келдим.- Эми, бир чыныдан чай ичкиле, кызым, — деп дале апасы чыйпылыктаган болду. Сыртта калган атасы көптөн кийин кирип, үстөлгө чалкалай отуруп, Элмуратты көзүнүн төбөсү менен карады.- Ата, таанышып койгула, бул Элмурат, — деди Гүлина атасына карап Элмуратты көрсөтө. — А бул менин атам, өзүнүн бизнеси бар. Америкага, Турция менен Италияга чейин барып турат.- Таанышканыма кубанычтамын. — Элмурат колун көкүрөгүнө коюп, башын ийип койду.- Ата-энең барбы? — деди Гүлинанын атасы Элмуратка карай.- Атам жок, апам бар.- Кайда жашайсыңар? — Күнтууда.- Канча бир туугансыңар? — Бир тууганым жок, өзүм жалгызмын.- Ко-ош, качан үйлөнөйүн дейсиң?- Эмне дейсиз? — Элмурат таңдана Гүлинаны карады.- Ата, Элмурат сиз уруксат берсеңиз эле…- Гүлина, мен али үйлөнүүнү ойлоно элекмин.- Ата-а, Элмурат сизден тартынып жатат, макул деп коюңуз, — деп Гүлина ыйламсырай атасынын мойнунан кучактай эркеледи. — Сиз макулсуз ээ?- Кызым, — деди апасы ага ыңгайсыздана, — эсиң жайындабы?- Мен Элмуратка гана чыгам, башкага берем деп ойлобогула! — деген Гүлина дароо Элмуратка келип, аны колдон жетелеп жөнөдү.- Кызым, сен каякка?- Кызы-ым? — деген бойдон ата-энеси кала берди. Гүлина машинага отураары менен:- Сен эмнеге ойлоно элекмин дейсиң, мен сени сүйөм, Элмурат. Мага башканын кереги жок, алар мени күйөөгө берем деп жатат, — деп ыйлап жиберди. — Мен баары бир сени сүйөм! — деп, машинасын катуу айдап жөнөгөндө Элмурат эмне дээрин билбей калды:- Гүлина, сен ойлончу, мен али үйлөнүүгө даяр эмесмин, жалгыз апамдын ал-акыбалын жакшы билем, азыр үйлөнө албайм. Анын үстүнө сен экөөбүздүн ортобузда мурда мындай сөз болгон эмес, мен ойлонушум керек.- Жо-ок, сен менден качып жатасың, Элмурат, кааласаң сен айткандай болом. Элмурат, жок дебе, болбосо мени башка бирөөгө берип жиберишет, — деп жол жээгине токтой калып, Элмуратты карысынан кармады. — Эмне, мени сүйбөйсүңбү, сенин сүйүүңө арзыбаймбы? — деп көзүнүн жашын көлдөткөн кызды аяп кетти Элмурат. Бирок үн дебеди. — Элмурат, чын эле мени сүйбөйсүңбү? — Гүлина, турмуш куруу оңой эмес, терең ойлонуп чечишибиз керек.- Антип мени алдабай эле кой, мен сени сүйөм.- Баланын ишин кылбачы. Мен жумуштан кечиктим, такси менен кетем. Сен үйүңө бар да, ата-энеңди тынчтандыр, — деп машинадан түшмөк болуп эшикти ачаарда Гүлина газды басып жиберди эле, жыгылып кете жаздап араң калды. — Бул эмне кылганың, ыргып кетсем эмне болот, ыя? — Ачуусу келип олурая карады.- Эчтеке болгон жоксуң го, өзүм жеткирем сени, — деген кыз аны жумушуна жеткирди. — Элмурат, ишиң бүткөн кезде келем, — деди Гүлина машинадан түшүп бараткан Элмуратка күлмүңдөй.- Бүгүн үйүмө барам, убара болбо! — деп кирип баратканда артынан кыйкырды:- Өзүм жеткирем! — Жинди кыз, — деп коюп, Элмурат кирип кетти. Ошол күнү ал улам эле жумушунан алагды боло берди. «Кызык, мени ошончо сүйөбү, эмнемди анчалык сүйүп калды, а мен аны сүйөмбү? Тобо, кыз бала дагы эркектердин артынан жүгүрөт экен да, өзү эрке кыз экен», — деп ойлоп жылмайып алды. Кечке иштеп, кечинде жумуштан чыгып, аялдамага жакындаганда бир машина жай келип аны качыра токтоду. Рулда отурган Гүлина.- Эмне эсиң ооп калды, кел отурбайсыңбы? — деди күлө.- Сен жинди болдуңбу, мен апама баратам, сага эмне бар? Артымдан жүрчү болбо! — деп опурулган Элмурат келаткан маршруткага түшүп кетип калды. Гүлина жинденген бойдон кайра келди да, машинасын жолго койо салып, үйүнө ыйлап кирди.- Кызым, эмне болду сага? — деди атасы аны көрүп эле.- Эчтеке, эмнеге андан ата-энесин сурайсың? — деди бакырып. — Ал сенден коркуп, мени карабай кетти!- Кызым, сенин көңүлүң деп, ал баланы үйгө киргизип сүйлөштүм, эгер сен болбогондо аны жолотмок да эмесмин. Ал биздин теңибиз эмес. Кайдагы бир томоякка эмне мынча жармашып калдың? Ал сени сүйбөйт экен, кызым.- Жо-ок! — деп ачуу чаңырып, жер тепкилеп ийди Гүлина. — Мен Элмуратты гана сүйөм, ага тийбесем өлөм! — деп кайра жүгүрүп чыгып кетти. Атасы менен апасы жарыша дарбазанын эшигине жеткенде кызынын машинеси ордунан атырыла козголуп, чаң ызгыта узап бараткан. Аны көргөн атасы санаасы тынбай өз машинасын шашылыш айдап жөнөдү. Караандатпай кетип бараткан Гүлинанын «Хондасын» жол четиндеги МАИ кызматкери көрө коюп, мигалкасын уңулдата артынан кууп жөнөдү. Гүлина өлөөр-тирилерине карабай кетип баратып, кызыл күйгөн жолчырактан өтүп кетээрде каршылаш чыга калган бир машинаны сүзүп барып токтоду. МАИлердин баары топтолуп тегеректеп калганда жеткен атасы эчтеке билбей рулда отурган кызын көрүп чочуп кетти. Дароо эшигин ача салып, кызын көтөрүп, машинасын көздөй басканда бир маишник аны тааный коюп:- Ой, саламатсызбы, Надырбек Бекешович, бул сиздин… — деп сөзүнүн аягын таппай калды. Надырбек баш ийкей:- Ооба, менин кызым, тезинен ооруканага алып барайын, — деди.- Ооба, ооба, албетте, Надырбек Бекешович.- Сурагыңарды кийин жүргүзөсүңөр, — деп бурк эткен Надырбек Гүлинаны ооруканага алып барды. Гүлинанын чекеси рулга катуу тийиптир, колдору тытылган, көгөргөн, дем ала албай кыйналып жатты. Атасы врачтар менен сүйлөшүп жакшылап каратып, өзү жанында болду. Дагы кудай сактап, жаракаты өтө оор эмес экен, ички органдарына доо кетпептир. Жарым сааттай убакыт өткөндө Гүлина көзүн ачып:- Элмура-ат, — деди.- Кызым, акыбалың кандай? — деп эңкейип чачынан сылады атасы.- Элмурат, Элмурат кана? — Гүлина чебелектей ушинтип сурай берди. Эшикте күүгүм кирип калган, айласы куруган Надырбек Бекешович кызынын жанында отурду. Гүлина кайрадан үнсүз, кыймылсыз жатып калган, тээ көптө барып эсине келди.- Кызым, кандай дуруссуңбу? — Эмне болду, ата? — деп эки жакты элеңдей карап, өйдө болоюн деди эле, бүткөн бою жанчылып калгандай ооруп кеткенде чыдай албай онтоп ийди. — Мен каяктамын?- Ооруканадасың, кызым, тынч жата гой, баары артта калды, — деп Надырбек Бекешович оор күрсүнүп алды. Гүлина колундагы каршы-терши сайылган капельницаны карап алып, оор улутуна көзүн жумуп жатып калды. Бир маалда медайым кирип:- Сиз бара берсеңиз болот, оорулуунун абалы жакшы, — деди да, капельницасын алмаштырып чыгып кетти.- Кызым, жакшы жат, мен кетейин, эртең менен апаң экөөбүз келебиз ээ, кызым? — деп саамайынан сылай чекесинен өптү.- Макул, — деп баш ийкеп койду Гүлина. Надырбек Бекешович палатадан чыгып, машинасына отурду. Оор үшкүрүп алып, айдап жөнөдү, ал ушул тапта жалгыз болгусу келди. Үйүнө барды дегиче аялы күйпөлөктөп жайына койбойт. Жолдон кафеге кайрылып, пиво ичип отуруп, өткөндү эстөөгө аргасыз болду…Надырбек жетим бала болчу. Аталаш тууганынын үйүндө жүрүп, мектепти бүтөөрү менен аскерде кызмат өтөп келген соң ошол бойдон шаарда калды. Заводдо иштеп жүрүп токардын окуусун бүттү, андан кийин механик болду. Айлыгы дурус болуп, ишканасында көңүлдүү күн өткөрүп жүргөндө Светага жолукту. Ал ошол кездеги начальнигинин кызы экен. Самарбек Надырбектин идиректүүлүгүн, тыңдыгын байкап, ага кызын берди. Эки жашка ылайык бир бөлмөлүү чакан үй сатып берди. Света дагы акыл-эстүү, токтоо аял болду. Алар он жылдай жашап, балалуу боло алышпады. Бир күнү Света:- Надырбек, мен врачка көрүнсөм баары жакшы дейт, сени келип көрүнсүн деген, барып келели, — деди жалдырай.- Ал эмне дегениң, баары жайында, мен эмнеге көрүнмөк элем? — деп кол шилтеп койду Надырбек. Бирок «Көрүнүп коюум керек эле», — деп ойлоп, Светага айтпай өзү барып көрүндү. Ошондо врач ага:- Сиз капа болбоңуз, балалуу болууга жөндөмүңүз жок, — деди ачык эле.- Дарыланууга да болбойбу?- Жок, сизде урук бездери жараланып, личинкалар өлгөн. — Рахмат, — деген Надырбек башын шылкыйта чыгып кетти. Ошондон баштап ал иче баштады. Света менен кайын журту анын себебин биле алышпай таңгалганы менен тим коюшту. Акырындап Надырбек өзүн колго ала: «Өзүм балалуу боло албасам бала багып алышым керек», — деген ойго токтолду. Ошол убакта кайнатасы көтөрмөлөп отуруп, начальникке жетти. Айылдан агасынын баласы окууга тапшырам деп келип, Надырбектикинде жүрүп калды. Света арыкчырай жакшынакай келин. Ал төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлөп, кайгырып жүргөн.- Надырбек, ажырашалы анда, сен дагы балалуу болушуң керек, — деди бир күнү.- Кереги жок, мен сенден ажырабайм, — деп Надырбек аны сүйлөтпөй койду. Иниси Толкунбек окуп жүрдү, Надырбек үйүнө келбей калганда Толкунбек менен Света отуруп тамактанышат да, экөө бөлөк жатып алат. Ошентип бир жылдай жүрдү, бир күнү Толкунбек чай ичип отуруп:- Жеңе, акем эмнеге үйгө көп келбейт? — деди.- Иштери көп, жакында дагы орун которот, ошого чапкылап жүрөт, — деп койду Света. Бирок чынында анын дагы ичин ит талап, кызганыч бийлеп жүргөн болчу. «Эмнеге келбейт, балким анын башка аялы, балдары бардыр, ошону үчүн мени кетирбей камаарабай жүргөндүр?» , — деп ойлогондо кыжыры келе түштү.- Сиз акемди сүйөсүзбү? — деди кайра Толкунбек.- Сүйүүсүз жашоо болмок беле?- Туура, сүйүү менен жашоо адамга рахат берсе керек.- Адамдар ар түрдүү, сүйүүсүз да жашагандары бар, дүйнө жүзүн жалгыз сүйүшкөндөр каптаса анда баардыгы ойдогудай болуп, бактысыздар болмок эмес, — деди Света ойлуу.- Байкем сизди сүйөбү?- Эмнеге сүйбөйт экен, сүйгөн үчүн жашап жатабыз да? — деп ичип бүткөн идиш-аягын жууп жатты Света. Ошол күнү негедир уктай албай жаткан, түн бир убакта Толкунбек койнуна жылып киргенде чочуп кетти.- Чочуба, жеңе, жеңенин бир саны кайниники деген эмеспи, эчтеке болбойт, — деп келинди ичке белинен капшыра кармаган жубарымбек имере кучактап өпкүлөп жатып, акыры жетчү жерине жеткенде:- Кой, Толкунбек, тынч жат ордуңа, мындан ары өтпөйлү, — деди Света онтолой.- Койчу, жеңе, мени менен бир жолу болуп койсоңуз эчтеке болбойт, — деп ич кийимин шыпырып кирди, — Жеңе, мен чыдабай баратам.- Боюма болуп калсачы, Толкунбек?- Эмне болот эле, акемдин баласы болуп калат да? — деп жанталашып жатты. Каруу-күчү ашып-ташып турган жыйырма төрттөгү жигит көптө барып бүттү да: — Жеңе, укмуш экенсиз, акем сизди ушун үчүн эле жакшы көрөт го? — деди кулагына шыбырай.- Бизде сүйүү бар, Толкунбек, балабыз болбосо да сүйүү менен жашап жатабыз, — деп кылыктана күлүп койду Света. Экөө түнү бою бирге болушту. Эртең менен Толкунбек эрте туруп окуусуна кетти. Света жумушуна кетип үйүн кулпулап койгон. Надырбек көптөн бери: «Менден болбосо инимден болсун. Эптеп багып алам, өзүмдүн балам деп билгизбейм. Света менин жарамсыз экенимди билбесин» , — деген ойдо атайылап түнкүсүн келбей жүргөн. Ал күндүзү келип, кайра кетти. Кечинде аялына телефон чалды, келе албай турганын айтып:- Капа болбо, жаным, бир жумадан кийин барып калам, — деди.- Эмне жумуш анчалык?- Барганда түшүндүрөм, капаланбай туруп тур. Мен сени сүйөм, Света, жакшы тур, — деди да, трубканы коюп койду. Тү-түт деген трубканы караган Света: «Бул соо эмес, аял алганга даярданып жүргөн го, балким анысынын боюнда бардыр?» — деп кызганычтан ызалуу ыйлап да алды. Кечинде келген Толкунбек унчукпай кийимин алмаштырып, анан чайга отурду. Ошол убакта Надырбек жогорку кызматка көрсөтүлүп жаткан эле. Күндөп-түндөп ар жакка чапкылап жүрүп ага да жетти, мансабы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратты. Бир мекемени ижарага алып, аны чоң ишканага айлантты. Өзү дагы санаа менен жүрүп, үйүнө кээ-кээде гана келчү. Келгенде келинчегинин көңүлүн жайгарып, сагынганын айтып жалынып-жалбарып атып кетчү.Арадан он чакты күн өткөндө Надырбек келип эки күн туруп, кетээринде жасап жаткан иштерин айтты. Менчиктештирип алган жайларды айтып кеңешти. Света: «Жасап жаткандарыңдын баары ким үчүн, Надырбек, же балабыз болбосо, ким үчүн?» — деп андан көзүн албай отурду.- Света, мени антип карабачы, баланы багып алалы, ансыз дагы ата-энеден көздөрү учуп жаткан балдар көп, балдар үйүнө баралы, — деди Светаны өөп.- Өз балабыз болбосо, бирөөнүн баласы экөөбүзгө жакшылык кылабы, Надыр, сен экөөбүз доктурга бирдей текшерилсек болот эле…- Анан, анан эмне кылат элең? — деди жини келе өзүнчө туттугуп жүргөн Надырбек. Анын ачуусу келгенин байкаган Света коркуп кетти.- Надыр, мен жөн айта салдым, врач дайыма күйөөңдү көрөлү, текшерели деп калат.- А кокус менден бала болбой турган болсо эмне кыласың?- Эмне кылмак элем?..- Болду, Света, колуңда баары бар, эчтекеден кем эмессиң, унчукпай жашай берсеңчи. Мени карап отура бербей, зериксең кино-театрга бар, эс ал, жаным, — деп кыжаалаттана эшикке чыгып кетти. Света ыйлап калды. Ошол бойдон Надырбек дагы жоголду, мурда чогуу көңүл ачып жүрчү бир келин бар эле, ачуусу менен ага барды ал түнү. Аны менен ичти да, жатып калды. Арадан бир айдан ашык өткөн кезде кайра келди, эчтеке болбогондой жадырап-жайнап, толтура тамак-аш көтөрүп алган. Света дагы аны жакшы тосуп алды.- Иштериң бүттүбү деги?- Бүттү, байбиче, эми сен экөөбүздүн балдар үйүнө бараарыбыз эле калды, — деп аялын бетинен сүйдү. Света андан негедир жүзүн үйрүп ийди, ал Толкунбек менен күндө бирге болуп жүргөнгө көнө түшкөн эле. Ушул ирет өз күйөөсүнөн ирээнжий: «Соо жүрдү дейсиңби, көрүнгөн менен болуп жүрүп анан келди да. Балким балалуу болуп, үй-бүлө күтүп алгандыр? Менин төрөбөгөнүмдөн пайдаланып, башка аялдарга барганын жашырып жүргөндүр, же ажыраш десе болбойт», — деп өзүнчө ойго батып кетти.- Надыр, ачыгыңды айтчы, балким башка аял төрөп берээр, ажырашып албайлыбы? — деди көптөн кийин.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


— Света, кам санаба менден, сенден эч жакка кетпейм, ажырашалы деген сөзүңдү укпайын, кудайдын башка салганын көрөлү, — деди күйөөсү жибий. — Толкунбек келип жатабы? — дегенде Света уурусу кармалгандай көзүн ала качып тайсалдап кетти. Анын бул түрүнөн Надырбек дароо түшүндү, «Демек, бирдеме бар, балким өзү деле төрөбөйттүр, дагы байкап көрөйүн», — деп ойлоду да: — Окуп жатыптырбы? — деп сурап койду билмексен боло.- Мен андан сурап жүрмөк белем, келет-кетет, кээде келбей да калат. — Чай куюп жатып негедир өзүнөн-өзү кысынгансыды. Надырбек үн деген жок, тиричилик менен ишкердигин бирге алып кетээрине көзү жеткендей ойлуу төркү бөлмөгө кирди. Кайнатасы алып берген үйдөн кийин өздөрү кененирээк үй сатып алышкан эле, үч бөлмөлүү, үчүнчү кабатта.- Света, жер үй алсак кантет? — деди ал бир топтон кийин.- Кайда бар экен?- Толуп жатпайбы, бири сатат, бири алат дегендей, кабат үйдөн көрө жер үй жакшыбы дейм да.- Өзүң бил, мага эчтекенин кереги жок, бир башыма эмне жетпейт, өлсөм артымда карманып калаарым болбогондон кийин, бир кийип, ичээрим болсо болду.- Ал эмне дегениң, бала багып алсак ошол үчүн жашайбыз, ага деп үй салдырабыз, бир жетимди бактылуу кылабыз. Ал бизге бала деген кубаныч тартуулайт же жалган айтамбы?- Ошондо деле эл айтат, баккан бала эстүү чыкса жакшы, акылсыз болсо көйгөйүн тартабыз го?- Келе элек баланы кандай болжоого болот, өзүң ойлончу? Кыргызстан боюнча миңдеген балдар ата-энесиз балдар үйүндө чоңоюп жатышат, бизди билгендер каршы болушпайт деле.- Байкап көрөлү. — Света эрин жылмая карады.- Ырас айтасың, дароо эле айтканда болбойт, — деди Надырбек. — Барып көрүп, сүйлөшөйүн, эгерде эне-атасы жок бирөө жарымы жагып калса багып алалы.- Ошентишибиз керек, кийин да талаштырып отурбай.- Туура айтасың, байбиче, деги сенден кээде көп акыл чыгат, — деп тамашалап калды. Ошол бойдон экөө тең унчукпай калышты. Кеч киргенде Света аябай кыйналды, чоочун бирөөнүн койнуна жата тургандай өзү менен өзү болуп, жумушун жасап кылдырап жүрө берди. «Эмне деп ойлойт, балким билип койсочу? Толкунбекке көнүп калдым эле, бүгүн ал келбей эле койсо экен», — деп ойлонуп турганда Надырбек ваннадан чыгып, жанына келди. Акырын артынан кучактап, кулак тушунан өөп, мойнунан аймалай:- Жаталычы, жаным, — деп шыбырады.- Койо тур эми, мен жумушумду бүтөйүн.- Жумушуңду токтотчу, бир айдан бери сагындым.- Чын эле сагындыңбы? — Шарт артына бурулуп жылмая карады Света.- Эмнеге калп айтам, өз аялымсың да, бирөөнүн аялын сагынып жаттым беле? — деп кылыктанып, назданган аялын көтөрүп алып жатак бөлмөгө кирип баратканда сырткы эшик ачылып, Толкунбек кирди. Надырбек андан тартына Светаны жерге түшүрдү.- Ассалоому алейкум, байке? — деди ал дароо эле.- Аллеки салам, кел, баатыр, окуу кандай?- Баары жакшы.- Атаңдар менен кабарлашып жатасыңбы?- Ооба, кечээ эле сүйлөштүм.- Жатышыптырбы? — Жатышат, салам айтышты.- Саламат болсун.- Эртең апам келем деген.- Оо, шаарга келмекпи?- Ооба, байке.- Жакшы анда, эртең жеңең экөөң коноктогула, — деп койду. — Кайниңдин кардын тойгуз, бирдемең бар беле? — деп Светаны карады. Анын айткан сөзү Светага сынап айтып жаткандай туюлду. Толкунбек билмексен боло кийимин которунду да, ашканага кирди.- Жеңе, өзүм эле ичип алам.- Макул анда, тамак бар, ысык бойдон, — деп Света ашканадан чыкканча шашты.- Мен эртең дагы кетем, сен жеңем келсе жакшылап коноктоп кой, — деди Надырбек Светага. — Баласынын кандай жашап жатканын көргүсү келген го?- Келсе көрөбүз да.- Ошент, алтыным, абысыныңды жакшылап сыйла, коньяктын жакшысынан апкелип кой. Ал өзү жакшы көрөт ичкиликти, айылдагылар ушундай бир отуруш жасап, гүлдөшөт дейсиң, — деп бакылдап төшөгүнө жатып калды. Көптөн кийин гана Света жанына отуруп:- Надыр, — деди акырын.- Ийи.- Сенин башка жактырганың жокпу?- Койсоңчу, кайдагыны айтпачы.- Эмнеге бир ай жоголдуң?- Иштер көп, алтыным.- Сен балким айткандан…- Эмнеге, эгер болсо ачык эле айтмакмын.- Билбейм, мурункудай эмессиң.- Эч ойлонбо, сенден башка сүйгөнүм жок. — Надырбек аялын имере кучактап койнуна тартты. Көз алдында жаш, сулуу ойношу. «Мен аларды сүйбөйм, эгерде бала төрөтө алчу кудуретим болгондо балким эмдигиче төрөшмөк. Гуля да, Салима да төрөгөн жок, бел кубатым жараксыз деп кимге айтмак элем», — деп ойлоно Светаны кучактап көпкө жатты. Света Толкунбектин дабышын тыңшап жаткан. Ал ашкананын жарыгын өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип жаткандай болду. Эртеси Надырбек эрте кетти. Кызмат машинасы эрте келип, аны алып кеткенден кийин дароо Толкунбек эшикти илип келип, жеңесинин койнуна кирди.- Ой, жеңе, түнү менен уктай албай чыктым, — деди бекем кучактап өпкүлөй.- Эмнеге?- Сизди ойлоп.- Кой, Толкунбек, сен мындан ары башка жакка же жатаканага барып жаша, билинип калса экөөбүз тең жаман болобуз.- Билгизбейбиз, жеңе, эч кыйналба. Байкем андай майда кишилерден эмес, болоор-болбоско көңүл бурбайт, коркпой эле коюңуз. Апам келсе эки-үч күндөй жүрөт чыгаар, ансыз да сизге жолуга албай кыйналам. Койчу, жеңе, мен сизди көрбөй калсам жаман болом, сабакта дагы ойлоно берчү болдум, кыскасы мен сизди жакшы көрөм, балким сүйүп да баратам, — деп жанталаша өпкүлөп, ишке өттү.- Толкунбек, андай дебе, сен экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес, ортобузду бөлгөн он жаш менен туугандык жайыбызды унутпай сый болууга тийишпиз. Сүйүү-күйүү дегендерди оюңа да алба, андай болушу эч бир мүмкүн эмес, Толкунбек, — деп Света көзүн жумду. — Мен жазгырсам боюма болуп калса деп гана сага жакындадым, кээ бирөөдөн болбосо кээсинен төрөсө болот имиш, ошого ишендим.- Жаным жеңем го? — Толкунбек бети-башын аймалап, өпкүлөп жатты.- Сабактан кечигесиң.- Азыр эрте.- Сүйгөн кызың барбы?- Жок, азырынча эч кимим жок, жүрөгүм бош, — Жигит күлө чалкасынан түшүп жатып алды. — Кандай гана рахат ээ, аял менен эркектин жакындашуусу гана өмүргө шаттык берет экен да? — деп керилип алды.- Мурда аял менен болгон белең?- Ооба, бир эле жолу.- Иий, — деп Света жылмайып койду.- Шакабалап турасызбы?- Эмнеге?- Менин аял менен болбогонумду. — Жо-ок, жаштыгыңды ойлоп жатам.- Мен жаш эмесмин.- Качан үйлөнөсүң?- Үйлөнсөм сизге келе албай калам да.- Муну токтотушубуз керек.- Мен сизден ажырабайм.- Эмне?.. Аял алсам дагы сизге келип турам.- Андайыңды кой, үйлөнгөн соң кыйшаңдабай алганың менен жашашың керек. Тур, сабагыңа жөнө, мен дагы ата-энемдикине бир топ күн кетем, — деп Света туруп кийинип, сыртка чыгып кетти. Толкунбек байкесинин төшөгүндө көпкө жатып, анан турду. Жуунуп келип, өзү газды күйгүзүп, жылытманы ысытып ичти. Света анын жанына отургандан тартынып, ал кеткенче эшикте басып жүрүп, анан кирди. «Бул шерменделигимди Надырбек билсе өлтүрөт, экөөбүздү тең өлтүрөт, үйгө барып апама кеңешип, кетип калышым керек», — деп ойлоно ашканага киргенде тамактын жытынан көңүлү айнып, кускусу келип кетти. «Ооруп калдымбы?» , — деген ойдо кайра чыкты да, кийинип-жасанып алып, эч нерсе ичпей эле чыгып кетти. Маршруткага түшүп, ата-энесиникине келди. Атасы үйүндө жок экен, апасы Зуура ийик ийрип отуруптур, эки небереси эшикте ойноп жүрөт.- Кел, кызым, — деп Зуура кызын карады.- Келдим, апа, өзүңөр жакшы жатасыңарбы? — Жакшы, кудайга шүгүр, өзүңөр кандай?- Дурус, — деп дасторкондогу даамды көргөндө жүрөгү айланып кетти, оозун баса сырткы бөлмөгө атып чыкты.- Эмне болду, кызым? — деди Зуура ал кайра келгенде.- Жүрөгүм айланып кетти. Эртең менен эчтеке ичкен эмесмин.- Качантан бери?- Бүгүн эле, ашказаным ооруп калса керек, эчтеке ичким келбейт, — деп мурдун чүйрө оозун жаап отурду.- Ой, кыз, доктурга көрүнүп көрсөңчү.- Эмнеге, апа, ооруган жокмун, жөн эле майлуу тамак-аш ашказаныма жакпай калганга го?- Келе тамырыңды кармап көрөйүн, — деп Светанын колун өзүнө тартып, билегине үч сөөмөйүн тийгизе бир топко тыңшап, кайра сол колунун билегин ошентип кармаган соң, — Кызым, сенин боюңда бар экен, кудайга шүгүр! — деди. Света эмне дээрин билбей дабдырап калды. — Кудай берет деген ушул, кызым, бир айдан өтүп калыптыр. Надырбекке сүйүнчүлөй бер. — Зуура кудуңдай кызын кучактап өөп койду. — Кудай берээрин унутпасын дегендей, бергиси келсе бат эле, — деп туруп барып ун алып келип, муштумдай камыр жууруду. — Эмне кыласыз, апа?- Жети токоч жасай койойун.- Эмнеге?- Сенин боюңа болгонуна ыраазычылык билдирип, ата арбакка арнап куран окуп койойун, кызым, мындайда антпесе болбойт, — деп апасынын кубанып алганын көрүп Света ичин баса кубанаарын же кайгыраарын билбей турду. «Толкунбектен болуп калды го, эми эмне болот, ага окшошуп калсачы? Же Надыр кимден болду, мен үйдө бир ай болгон эмесмин деп урушсачы» , — деп сары санаага батты.- Апа, чын эле боюмда бар бекен? — деди анан. Зуура жаш кезинен ар кайсы жери ооруп, тамырчыларга көрүнүп, өзүн-өзү таптап чөп-чар кайнатып ичип көнгөн аял, анча-мынча туугандарынын да тамырларын кармап калчу.- Ооба, кызым, күмөнсүбөй эле кой, врачка барсаң дагы ошону айтат, кубана бер, — деп Зуура мулуңдай карады. Эне-бала көпкө сүйлөшүштү, токоч жасап, куран окуп чай ичишти. Света бир аз ооз тийгени менен эч нерсе иче алган жок. Ал күнү кетпейм дегенине болбой Зуура жөнөтүп ийди. Үйүнө келген Света дагы эле таңгалып жатты. «Кантип болуп калды экен, Толкунбек билсе эмне дейт? Надырбекчи, ал кубанабы же күйүнөбү? Ай кудай ай, эмнеси болсо да өзүм эне болуп төрөп алсам болду, башкасынын кереги жок, баласыз дегенче же бирөөнүн баласын бакканча өзүмдүкү эмеспи», — деп көп ойлонду. Тамак жасамак болду эле, окшуй берип жасай албай койду, ал ошентип отурганда эшик ачылып, бирөөлөр киргендей болду. Тура калып караса Толкунбек апасы экөө экен.- Кандай, айланайын, жакшы жатасыңарбы? — деди абысыны Кайнар көрүп эле. — Бала жүрөбү, иши жакшыбы?- Жакшы, жеңе, келиңиз.- Ошондой болсун, Токумун кандай окуп жатканын көрөйүн деп эле келип калдым, жаткан жери го жайлуу дечи. Акча-тыйындан кыйналып калдыбы деп эле атасы экөөбүз тынч алалбайбыз, — деп сүйлөгөнчө төргө өттү, көтөрүнчөгү да оор экен, Толкунбекке кайрылды. — Келинге бер, этти муздаткычка салып алсын, кымызды куюп ал, айланайын. Эми ушул бойдон жаз-күз келе албайбыз, тоодо болобуз, бу мал деп жүрүп биротоло мал болгону калдык, — деп какшанып жатты. Бир койдун эти, эки-үч чучук бар экен. Май-сүзмө, бир чанач кымыз.- Мынчаны эмне кыласыз, тим эле койсоңуз болмок.- Кой, капырай, атайын келатып анан куру келемби, балам деле жүрбөйбү? Ичип-жейсиңер, бу базарыңардан алсаңар бир топ акча да, анан ала келбей эмне кылам, бир тууган экенсиңер батырып жатасыңар, башка бирөө батырмак беле?- Коюңузчу, жеңе, ошондо деле ушунча тамакты көтөрүп эмне убара болдуңуз? — деди Света эч нерсеге көңүлү келбесе дагы күлө карап.- Оой, келиним, сен бергенди ала бер да, биз дагы берчүгө берип, алчудан алабыз, ушу кайним болбосо биз кайдан сени тааныйбыз, ыя? — деп атайын өз киши боло Светага ормойду. — Кичине бала деп койчумун кичинекейинде. — Болуптур эми, жеңе. — Света ага ыраазы боло карап, көңүл улай, — мен эми чай койойун, сиз эс алып отура туруңуз, — деп чыгып баратып, этти көрүп дагы окшуп алды. Айласы жок эптеп Толкунбекке шыбырады эле, ал этти туурап, казанга салып берди. Ошентип Света ал күнү абысыны менен сүйлөшүп отуруп, өтө кысынып жатты, бирдемени байкап койгондой ыңгайсыз абалда болду. Бир коньякты алып келип бузду, өзү аздан алып, Кайнарга алдырып отурду. Толкунбек тамак ичкенден кийин өз бөлмөсүнө кирип жатып алган.- Света, качан балалуу болосуңар, ботом? — деди кызый баштаган Кайнар эңкейе берип.- Билбейм, жеңе, болбой жатат го, кайниңизди башка аял ал, ажырашалы десем болбойт…- Мейли, кудай берем десе кулуна, белен кылат жолуна деп, унутпаса жараткан өзү жалгап койоор, — деп кайра келинине боору ооругандай болду.- Ажырашып башка аял алса болот эле деп жиниңер келип жаткан жокпу? — деп күлгөн Света абысынын сынай карады.- Ой, келин, айтсак ачык эле айтпайлыбы, тим эле карасаң ой, жиниңер келген жокпу деп, силерге жакшылыктан башка


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: