Колдору ар жерими кармалап

 

15 жылдык “сүйүү” (досумдун баяны)

 

…Аялым менен өбүшпөй деле калганбыз. Көп эле жыл болду окшойт. Өбүшүүнүн даамы мурункудай сезилбейт деле. Кыз-жигит болуп жүргөндө өбүшсөк, бир ширин болчу эле. Азыр баары мага байланыштуу. Анткени тамеки тартып бир сасысам, тишими жуубай эки сасыйм. Анан аялым деле өбүшүүнү өп-чап жактыра бербейт. Бардык эле үй-бүлөлөр кийин ушундай болуп калабы, билбейм.

 

Пример HTML-страницы

Бир күнү 15 жыл башта сүйүшүмүш болуп жүргөн сүйүүмдү жолуктуруп калдым. Турмушунан ажыраганына 6-7 жыл болуптур. Мурункудан да сулуу болуп көрүндү. Мен да анча-мынча сулууларды тоготпойм, бирок ал өзгөчө сулуу эле, азыр андан бетер суйкаят. Телефон номерин алдым. Жолугуша турган болдук.

 

…Жолугушууга баратам. Баарыбир өбүшөм деп турам. Жолугушчу жерге эртерээк барып, сагыз алдым. Өбүшүп калсак, оозум сасып, уят болбоюн дедим.

 

Балчылдатып сагыз чайнап машинада аны күтүп отурам. Мендеги ой баягы эле: өбүшүп калсак, оозум сасып, уят болуп калбайын…

 

Кызыке чыкты. Жолуктук. Ал да сагыз чайнап алыптыр…

 

Кымбат кафелердин бирине бардык. Маңдай-тескей отуруп, тамакка буйрутма бердик. Ал чү дегенде эле сырадан баштады. Ач карын экини алып кирди. А бул жагы оңуган чыга турган болду деп койдум ичимден.

 

Аркы-беркини сүйлөшүп, көп отурдукпу же жокпу, бир маалда “кошунасы болом” деген эже кирип келди. Маани бербей эле отургам, көрсө ал биздин отурушка акырына чейин конок болот экен. “Бир кыз кем, эки кыз ашыкча” болду. Менин жалжалым эки чөйчөк сырадан кийин ачылды дейсиң. Танцполду ээлейт, сөздү эч кимге бербейт, сыранын биринин артынан бирин алып кирет. Мен жакка отуруп, ар сөздүн башын ачып, жагалданат, сагынганын айтат.

 

Кулакты жарган музыканын үнү. Мындай мага анчалык жага бербейт. Мен, мээлүүн соккон шамалдай чыккан классикалык музыканын коштоосунда, эч кимге тоскоол болбой, эч ким бизге да тоскоолдук жаратпай, тынч жерде өзүбүзчө отурсак дегем, өбүшкөнчө. А мүмкүн төшөккө деле кирип кетебизби деген ой да бар болчу. Бирок жаңырган музыка, танцпол, баарына жолтоо болгон эже, жагалданган жалжал, дүүлүккөн “аспабым”… Мага жакпай баратат…

 

…Жанымда отурган сулуум, бутун бутума асып койгонуна 1 сааттан өттү. Алгач жамбаштардан сылай баштаган. Сыртта кыш болгондуктан, шымдын да калыңынан эки кабат кылып кийип алгам. Кармаласа, эч нерсе деле болбосо керек дейсиң, бирок ошол эротиканын укмуштуудай сезими калың шымдарды көзөп өтүп жатты го чиркин. Айгырым да алкынып, жарылайын деп чыккан. Жамбаштарды кармалап, сылап баратканча, ал жагыма да колунун учтары шымдын сыртынан сыйпап өтүп жатат. Ушул маалда кинодогудай монтаж болуп, эч ким жок караңгы бөлмөдө пайда боло калсак, анда бурчтагы диванга жыксаң, шап эле аласын ача берип, эсинен танганга даяр турат.

 

Колдору ар жерими кармалап, жонумду укалап, кучактап, кулагыма шыбырап, уктатып таштагыдай эркелетип жатты. “Сени менен мурдагыдай өбүшкүм келип атат”,-деп кулагыма айтты да, өөп койду. Ал өпкөнү укмуштуудай жагымдуу болду. Башкача өптү. “Мен дагы”,-дедим. Тиги эжесинин тоскоол болуп атканын айтсам, ал да чакырганына өкүнгөнүн айтты. Көрсө экөө бүгүн ушул жерге келип эс алышмак экен. Ошого кетире албай жаткан кербези имиш. Ортодон мен бүгүн отуралы дегениме макул болуп, чакырып алган эжесин да тим коюптур. Муну укканда, бул кылганы жакпай калды.

 

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Тиги эже өзүнчө кысылып атат. Бирде сөзгө аралашып, бирде телефон чукулап отуруп, акыры агынан жарылды. “Ашыкча болуп жатам да”,-деди. “Ой, айланайын, аны билет экенсиң, кетип калбайсыңбы?” – Ушинтип айткан адам жок…

 

Кызып калган кызгалдагым жагалданып жалынып, эми эч кимге сөз бербей калды. Акыры “Мени экинчи аял кылып аласыңбы?”,-дегенге өттү. Чын же тамашасы билинбейт. “Албайм сени”,-дедим. Тык токтой калып, шок боло түштү. “Сенин эки нерсең өзгөрүптүр”,-дедим.

 

…Студенттик күндөрдүн биринде жаркылдаган, бою узун, балалыктын баё сезими менен жашаган, көздөрү бакырайган сулуу курсташ кызды көрүп, сыртынан жактырдым. Бул чындыгында “тоок сүйүү” эле. Бир жолу жактырып калганымы тамаша ирээтинде айттым. Аны чын кабыл алды. Жолукчу деле эмеспиз. Бир күнү күндүзү эле өзүм жашаган үйгө ээрчитип келдим. Кыш болсо керек эле. Үйдө эч ким жок. Төшөккө кийимчен эле кирдик. Катыра өбүштүк. “Иш” болбоду. Аласына деле жасап койсом болсо керек эле, антпептирмин. Кечке жаттык. Көз байланган учурда жөнөтүп жибердим.

 

Ушудан аз өтпөй ал кыз турмушка чыккан белгиси кылып, ак жоолук салынып, узун пальто кийип келди. Капыл-тапыл жолуга калып, сүйлөшө кеттик. Чындап эле турмушка чыгыптыр. Качырып кеткен экен. Аңгыча кийинки пара башталып калды, аны сабактан кийин кетпей турушун айттым да, өзүм аудиторияга кирип кеттим. Акыркы саат бүткөндө, болжолдогон жерге келсем, жок. Күтүп турам. Анда сотка деген жок. Мени көргөн башка бир группалашым эмнеге турганымы сурады эле, бирөөн күтүп турам дегем.

 

Болжогон жерге ак жоолукчан сулуу кыз келди. Узун коридордо эч ким жок. Баягыдай өбүшүп кетким келди. “Жүр, бир жакка барып келебиз”,-деп үйгө жөнөдүм. Ал дагы бара бериптир, эми эстесем. Үйдө эч ким жок.

 

Ошондо мен да жинди экемин, бирөөнүн жакшы тилек менен алган жарын эмнеге үйүмө алып барам? Анан тиги кыз да жинди экен, бирөөнүн жакшы тилек менен алган жары болуп туруп эмнеге бирөөнүн үйүнө барат? Барганы го бардык, бирок андан аркысы кызык болбодубу.

 

Аңги жаным, анын үстүнө секирдим, анан ал да кем калышпады. Өбүштүк, мамагынан сордум. Бирок тиги жагына уруксат бербей койду. Ага мен деле кызыккан жокмун. Жабышып, жалынып, аракет да кылбадым. Болгону өбүштүк. Бир маалда мындай дейт: “Сени сүйгөнүм чын экен. Мени алып качып кеткенден кийин, ата-энем макул болуп коюшту. Нике байлап, төшөккө жаткырганда сенин сүрөтүңү көкүрөгүмө кысып жаттым. Кыздыгымы сен алып жаткандай болсун дедим. Күйөөм эмнеге антесиң деп урушканына болбой, кыздыгым алынып жатканда сенин сүрөтүң менин төшүмдө болчу”,-деди. Мен ошондо ага ишенипмин…

 

Эртеси баягы залда жолуккан группалашым жолугуп, биз экөөбүз чогуу кетип баратканыбызды көргөнүн, ал курсташыбыз анын айылына турмушка чыкканын айтып берсе болобу. Уялганымды айтпа…

 

…Бакыраң көз сулуумун эки нерсеси өзгөргөнүн мындан байкадым. Баягы балалык, студенттик кездеги жыты жок. Ал көпчүлүк кыз-келин сыйпанган духинин жытына алмашыптыр. Ошондогу балалык, студенттик кыялы жок. Ал азыр жаркыраган кыялга, ээ-жаа бербей сүйлөгөн оозу бош аялга алмашыптыр. Азыр баары башка болуп калыптыр. Өзгөрүптүр. Ал кездеги элеси турат, бирок өзү жок. Мага жакпай баратты…

 

Кафенин даңгыраган музыкасы өчтү. Эс алуучулардан эч ким калбады. Биз эле, ой, тиги жалжалым эле тарактап отурат. Такыр эле кызып калды. Ага чейин балдарын айылга жөнөтүп, үйүндө эч ким жок экенин айтып аткан. Эми үйүнө жеткиргенче барып, айгырымды агытам деп отурам. Бирок кашайып тиги кошуна эжеси кетпей койду.

 

Кафеден чыктык. Үчөөбүз машинада баратабыз. “Кашайган Кожожаш эжеси” такыр түшүнбөй койду, чогуу эле жүрөт. Үйүнүн алдына келдик. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирде турат экен. Келип токтогондо эжеси түшүп кетти, эми экөбүз жалгыз калдык.

 

Мен, үйүнө киргизип, жылуу-жумшак жаткырып, үстүн жаап коюп анан кетейин демиш болоюн дегиче болбой, “Сени дагы эле сүйөм!”,-деп эрдимен сүйдү. 2 секунда гана өбүштүк. Машинадан түштү да, унчукпай, үйүн көздөй басып кетти. Тиги эжеси ары жакта күтүп турган. Оозунан алдырган немедей алайып турдум дагы, үйдү көздөй жөнөдүм… Айгырым болсо кабат шымды тешип чыгып кеткидей абалда калды. Аны жайгаруунун айласын табам, үйгө бара берейин…


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: