Мен учун маанилуу

силерди зеериктирбей мен бир окуя жазып турайын.Эротика эмес,жонокой гана мен учун маанилуу нерсе.Тыыыыынч олтуруп,конул коюп окугула.

Арзуу экообуз бир айылданбыз,бирок ал кичинесинде апасы менен Орусияга кетип ошол жакта окуп, жашап калышкан.Ал убак ооооо агент гулдоп турган кез.Айылдаштар группа ачкан экен,баары менен амандашып саламдашып бир аз жазышкандан кийин бироо дружба жиберди,суротун карасам козумо жылуу учурайт бирок атын эстей албадым.
-Акааааа(тааныдынбы мени?
-Жок,бирок козумо ото тааныш учурап атасын.
-Арзуу Эдилбековамын.
-Оооо кап этпейсин тааныбай калыпмын,канча жылдан бери корбогонго го.Мен сени акыркы жолу коргондо мурдун бырылдап эле журчу элен.
-эээ коюнчу мен кичинемде эле тыпылдаган кыз элемго.
Биздин биринчи маек ушинтип башталган,биздин махабатыбыз ушинтип башталган.Эми окурмандарга Арзууну суроттоп берсем,менин боюм 178 болсо аныкы 174 болчу.Бойду кудайым ме деп эле берип койгон ал кызга.Сулуулугу адамды арбап турат,мунозу орус болуп калган ачык айтып ак суйлоп.Чачы узун,бирок тармал чач болчу.Озун аябай карап жургон кыз,фигурасы учун коп мээнет кылган чыгаар,андай келишимдуу фигураны чанда кыздан гана корбосон.
-Бой жетип сулуу болуп калыпсынго Арзуу.
-Мурда сулуу эмес белем?
-Мурдагынан эсте калганы ошо бырылдаган мурдун эле эсимде экен.
-А мен сизди эстейм,мурда кааааапкара болсонуз азыр деле так ошондой боюнча экенсиз.
Тамашалашып тун бир оокумга чейин жазышабыз
Коп суйлошуп бир бирибизге байланып калдыкпы же уйронуп калдыкпы бир кун суйлошпой калсак бир нерсени жоготкондой болуп изденип калчумун.
-Сиз менен суйлошуп калсам маанайым которулуп калат,менин кулкумдун автору сизсиз.
-Уйронуп калгандыкыго,эртен турмушка чыксан бат эле унутуп каласын.
-Унутпайм,керек болсо сиз менен ушинтип суйлошуп туруш учун турмушка да чыкпай коём.
-кой антпе,мен уйлонушум керек.Ошондо мен башка нерселер менен заниматься этип сени унутуп калам.
-Кызгантпанчы мени.
Агентте блог бар элего,ошол жактан Арзуу учун канча лирика канча суйуу создору айтылды чиркин.Экообуз башка башка шаардабыз,бир жылдан кийин 18ге чыкмак,чогуу барып уйлонобуз деп жургон кез……….

Эми силердин назарынарды ошол эле кундордогу башка окуяга буруп отсом.

Бир жакшы тааныш карындаш бар эле,агенттеги суротун бат баттан алмаштырып берчумун.(mail.ru деп опера миниге кирип сурот алмаштырчу элекго)Озу кесиптик лицейлердин биринде окуйт болчу.

-Бир кызга почта ачып беринчи ЗИЗУ.
-Мейли бирок ананыраак э.
-Мейли,бирок бир сураныч бар ал кызга дружба жиберип тийишип мени уят кылбайс э.
-Сени качан уят кылдым эле амееееей манка.
-Озунуз манка.
-Мырка
-Озунуз мырк
Кечинде почта ачып берип жатып анкеталарын толтуруп жатам менден 7 жашка кичуу кыз экен.
-Манка суротун жибересинби бир жолу коюп коёюн.
-Жок суроту жок эле ачып коё берет экенсиз.
Почта ачып берип койгондон кийин бул окуя такыр унутта калган.Бир же эки айдан кийин ошол мен ачкан почтадан дружба келди. . . . . .
-Ассаляму алейкум
-Ваалейкум салям.
-Почта ачып бергенинизге чоооон рахмааааат.
-За ранее айтып коёюн дединби деле айтсан боло берет
-Тамаша карындаш.Эч нерсе эмес.
-Дагы бир суранычым бар элеееее,фото коюп беринчи убактыныз болсо.
Андайда сразу бошой каласынго бошмун давай давай жибер деп.Трыннннн деп сурот келди,эээээнен же ачпайт загрузка болуп.Которуп алып антен чыккан жерди издеп журом,акыры ачты суротту.
Шар аккан суунун четинде таш устунда турат,бою кичинереек жоолук оронгон.
Кайсы темаларда суйлошпойлу баардык нерсеге олуттуу мамиле кылат экен,менден кичуу болсо да ал менен суйлошкондо озуму жаш бала кыял сезип кетчумун.
Жашоодо мен сыяктуу коп кыйынчылыктарды коргонун билдим,ичинде коп нерсени пландап бирок сыртка чыгара албай калып кеткенин билдим.Ал кызды жакшы кордум эмес,жакшы суйлошуп кийин уй булолук болсо да катташкым келчу.

Пример HTML-страницы
Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Эми кайрадан Арзууга кайтап келсек.Созду кобойтпой,колду талытпай,козду оорутпай кыскартып жазбасам болбой калды.
Суйлошуп жургонубузго бир жылга жакындап калган.Акыркы кундору бир нерсени айта албай жаткандай,чалсам ананыраак суйлошолучу бош эмес элем деп коёт жазсам жазбайт.
Бир кун бар кучун колго алганго кыз.
-ЗИЗУ мен бир жумадан бери башка бала менен суйлошуп жатам,2,3 ай аркамдан чуркады сизди да айттым жигитим бар деп бирок койбоду.Башка башка шаарда журуп суйлошуш кыйын экен.
Созунун бирин уксам бирин укпай нес болуп калдым,НИИИИИХХУЯ СЕБЕ.Суйлоп суйлоп телефонду очуруп койду,кайра чалсам ыйлап эле суйлобой турат.Апасына чалдым(мени таанычу,мамилебизди билчу)
-Ооба ЗИЗУ бироо менен суйлошуп атам деп мага да бугун айтты балам.
-Кызымы сага берем дегениниз эсиниздеби?
-Ооба,бирок мени укпай жатпайбы.
-2 3 кундо барам айылга алып кетем.
-Коё турчу ЗИЗУ мен дагы жакшылап суйлошоюн.
3 жылдан бери спиртной ичпей жургом ошол кун ошол тун катуу мас болдум.
Мас болуп Арзууга анан апасына чала берипмин.Экоон тен согуп салыпмын алдап койдунар мени деп.Сссссукккка уят эле.
.Ошол куну агентке статуска пиво коюп алып ар кызга жазып аткам.Жургонду эми сага коргозом деп очошуп
-Оооо агатай ичимдик такыр ичпейм дебединиз беле?
Андайда жазып убакыт кетирип олтурбай сразу чалып жибересинго жоолукчан кызга
-Алло
Эхххх ошол назик ун.(Же кыздар атайын голосунарды ушундай чыгарып коёсунарбы?)
-Чын эле массызго?
Акыбалды тушундурсом унчукпай очуруп койду.Кайра кайра чалсам да очук,ан сайын ичем да алдап кетти деп.Эртен менен турсам агенттен толтура создорду жазып жибериптир.
«Бир кыз учун сизди ушундай женил жолго барат деп ойлогон эмесмин,суйоспу демек аягына чейин курошун.Сиздин ордунузда болсом суйуу учун бакыт учун дуйнонун бир бурчуна болсо да кетип калмакмын»
Аттин жаш кыздын совети адамга дем куч берип Россиянын бир четки шаарынан башка бурчтагы шаарына жономой болдум.
Проблема,акча жок.Досторуму чогултуп кенешсем баары эле кетпе иште дешет,алардыкы да туура мага жакшылык эле каалап атышат но когоруп тура бердим.
-Баарыбыз жардам беребиз досум сага,бирок бир нерсени билип кой кийин окунуп каласын.
-Жок досум мен алып кетем.Мага карызга акча берип тургула барып уйлонуп кайра келип иштеп кутулам
-Токтотпогула эч кимин.Бул нерсе баарыбызга сабак болот.
Арасынан сары досум ушинтип айтып калды.(Меникиндей досторду баарына каалайм)
Балдар да унчукпай калышты,эртесине эле поездге билет алып жолго чыктым 3 кун жол журуп келдим.Бул шаарда классташ досубуз бар болчу ошол тосуп алды.
Менин телефонуман чалсам албайт досумуку менен чалсам бир бала алды адрести сурады айтсак 2 3 саатта келишти.3 бала экен машинадан бироо тушту учурашып экообуз алысыраак бастык.
-Кечирип кой бизди,Арзуунун атынан да кечирим сурайм.Ойлобогом сени ушунча жол журуп келет деп.
-Мындан да алыс жол болсо барам.
-Мен да тушуном ЗИЗУ.Арзууда дагы конул бар учун мен ага кызыктым.Такыр эле жок десе мен жабыша бермек белем.
-Звандачы Арзууга.
-Да.
-Арзуу мен ЗИЗУ.Сага акыркы суроом кетесинби же каласынбы.
-Менин окуумчу.
-Шылтоолорунду айтпай мага так чётко жооп айтчы.
-Мен калат окшойм.(Тиги бала менен диалогду кыскартып эле койдум)
Телефонду очуруп баары менен коштошуп ошо куну айылга учмай болдум.
Мен айылга келгенден кийин Арзуу да 10 кундон кийин келди,достордон салам айттырып бир жолу жолугуп суйлошолу жаштык кылдым тудум судум создорун айттырып жиберген экен ну и нафиг дедим андай кылса кийин деле ойноп кетиши мумкун.

«Суйуу учун курошун,дуйно кыдырып болсо да курошун» деп совет берип жургон кыз азыр менин аялым болуп калган.
-Алло
деп назик голос менен алган кыз азыр кысссссс деп чагып алайын деп турат
Мен Арзууну суйдум деп ойлоп журупмун,жок мен жанылышкан экем.
Ал кезде жаш экенмин да.Суйуу учун кийин куроштум мен,бут дуйнону омкордумго.Апамдарга бироолор кызына сойко салсакпы деп кулак кагыптыр дегенде эле ааламды антар тентер кылып салгам.Жолдун алыстыгы,уйундогулордун каршы болгону мен учун эч козго корунбой калды.Эми азыр жатып алыыыыыыып эстеп турат ыыыыыыыы Арзууну эстейспииии деп тургансынар ээээ аялдар.

Ушундай окурман,бул окуя кыскартылып жазылды коп нерселерди жазганы коп нерв керек экен.
Жаштарга айтаарым,жактырган адамдарынар менен мамиленер узулуп калса жиндиго окшоп ичип албагыла.
Балким бул ажырашууу силердин пайданаргадыр,балким бул ажырашуу силерге белектир.Андан да жакшы адамды мандайынарга жазып койгондур.

(Копчулук анча мынча тамгалардан ката кетирсе,менде вощще арасында целый создор калып кетет кошумчалап окуп аласынар)

Жакында секс окуя назарынарга сунушталат,амандашканча сак саламатта калгыла.


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: