Төшөк кумарына батып калдык

Жаш элем, Нарындан мектепти бүтүп, Бишкеке чоң окуу жайына тапшырганы келдим. Өзүм шайыр, элдер менен бат эле тил табышып кетем. Майда-чүйдө акча жасаганга да шыгым бар. Анда эмне, көбүп турган убагым, “кой, ай” деген киши да жок, бираз иштей калып тапкан акчамдын бардыгын ойноп-күлгөнгө кооротуп, Бишкектин болгон жакшылыгын көрүп, жыргап эле жүрдүм.

Кичинемден кара жумушта өсүп, кара күч бар, өзүм да спортко кызыгып, күрөш, футбол деп жүрүп дене боюм зынкыйган жигитмин, кыздарды тандап, ай сайын ар башка кыз менен жүрдүм. Эмнегедир бирөөнү да жакын көрүп, сүйүп калган жокмун. Үйлөнүш керек деген ой дагы болгон жок. Ошентип жыргал жашоо өтө берди.

Бир күнү тааныш бала “сендей дене бойлуу, спортсмен балдар керек болуп жатат, бир жакшы иш бар”, – деп калды. Жакшылап сураштырсам ал иш – сойкуларды эскорт кылуу экен. Мындайча айтканда элитный сойкулрды клиенттерге алып барып, кайра аман-эсен “ордуна” алып келүү экен. Айлыгы жакшы, анын үстүнө бул иш мага жөн эле кызык болду, макул болуп, иштеп калдым.

Ошентип элитный сойкулардын жан сакчысы да, айдоочусу да, арман угучусу да болуп иштеп жүрдүм. Тагдыр деген бир балээ, түркүн кызды талкалаптыр. Тим эле чүрөктөй, башы-көзү, колу-буту аман, периштедей кыздар иштешет. Жакындан билбегендер бул кыздарды өтө начар ойлошот, бирок бир тобунун жан дүйнөсү кооз, алар деле жакшы жашоону тилегендер. “Буйруса дагы бираз акча иштеп чогултсам, кетем”, – деген менен бул шордулар жакында кайра кадимки жашоого келчүдөй эмес. Башында “бул ишти токтоткула, оңолгула” демиш болгонум менен, бара-бара көнүп калдым, ашыкча сөз айтып, аларга “жашоо үйрөтпөйм”. Тагдырдын жазганы экен да…

Он беш жаштагы көпкөн балдардан баштап, алтымышка чыккан чалдарга чейин эркектерди “тейлешет”. Ичип алгандары “кыздарымды” уруп-чабып жибергендери менен далай мушташтым. Кээ бир кыздар менен бир туугандай болуп калгам да. Бирөөнү катуу сабап жиберип, он беш күн абакка да отуруп чыктым, бул иштин “крышасы” бекем экен, бат эле чыгарып алышты.

Пример HTML-страницы

Эч качан сойку кызды сүйүп калам деп ойлогон эмесмин, бирок сүйүп калдым… Он сегизге жаңы толгон кыз, эмне болуп бул жака келип калганын билбейм, тагдырды сөгүп, анда-санда жер чабып калып жаттым. Ал кызды алып качкым келди, а бирок мүмкүн эмес, бул жактагылар кыздарын оңой менен кое бербейт. Анын үстүнө ал кыз эң татына, фигурасы тим эле журналдагы кыздардыкындаай мыкты. Кээде эптеп сөз баштап, сүйлөшүп, сырдашып калганда ал кыздын ички дүйнөсүн ого бетер сүйүп баштадым.

 

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Клиент аны тандап, алып калганда кызганып отуруп араң күтчүмүн. Сыртымда темирдей көрүнгөнүм менен, ичимде назик сезимдериме бурганактаган шамаал, жамгыр, чагылган уруп, цунами, тайфуну кошо жүрүп кетчү. Алып качкым келчү…

Күндөрдүн биринде мен ал кызга сүйүүмдү билдирип, сөз айттым. Мээме бычак сайгандай боло түштү. “Макул” деп мени менен “бир болом” дегендин ордуна, төшөк кумарына батып, жатып калдык. Кантсе да эркекмин да. Күнүгө жолугабыз, күнүгө төшөктө, а бирок кыз-жигит эмес, жөн эле дос катары…

 

Арадан убакыт өтүп, айылда калган бир тууган агам кырсыктап, өтүп кетти. Үйдө башка эркек жок, карыган атама караан болуп, мал жанды карап айылга жашоого туура келди. Кээде ал кыз менен телефон чалышып, сүйлөшүп калчубуз, бир айга жетпей номерин да өзгөртүп, жок болду. Сураштырып, байланышайын десем, бардыгы эле билбейбизге салышты. Анда-санда түшүмдө көрүп, жүрө бердим…

Күндөрдүн биринде жомоктогудай эле окуя болду. Айылда бир досум аял алып, тойго барсам, көшөгөнүн артында баягы сойку отурат… Мына сага, ошол жерден мен жарылып кете жаздадым. Мен деле ушинтип ала качып келип, аял кылып алсам болмок да, а бирок отуруп калат деп ойлогон эмесмин. Ал мени көрдү, көзүн ала качып, бирок кайра бир жылмайды. Мүмкүн сойкулукту таштап, жаңы жашоо куруп кеткенге мүмкүнчүлүк болгонуна сүйүнүп отурса керек, а мен жаман оюмда “мени көрүп, сүйүнүп кетти го” – деп койдум.

Бир чети ыза болуп, бир чети көрүшкөнүмө сүйүнүп жатканымды билбейм, ичимдеги сезимдер бир шумдук болуп эле жатып калды. Ал сойку экенин ким билет, ким билбейт, мен унчуккан жокмун. Менин аялым болбосо дагы, башка менен бактылуу болсун деп, жакшы тилектерди айтып, тойдун шаңын бузбай, сыр билгизбей кете бердим.

Күндөр өттү, айлар өттү, экөө жашап келе жатышат. Ортодо балалуу болушту, кийин кыз төрөдү. Досумдун аялы сойку, кээде үйүнө барып турам, бирок “аяш атооооу”, – деген экөөнүн балакайынын жытын жыттап, аяшымдын ысык чайын ичиш үчүн эле. Жаман ой жок, сойкулук жөнүндө теманы досум ал кызды ала качып келген күндөн баштап бир да жолу көтөргөн жокмун. Тарыхтын ал баракчасын чийип салып, мен да башка кыз менен үйлөнүп, эки уул, бир кыздын атасымын, бактылуумун туугандар!


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: