Төшөк оюну бүткөндөн кийин

 

– Жашоо шартыбызга байланыштуу мектепти аяктаарым менен ЖОЖго тапшыра алган жокмун. Ата-энемдин сунушу менен бир жылча айылыбыздагы ооруканада пол жуугуч болуп иштеп турууну чечтим. Бир күнү жумуштан чыгып келе жатканымда коңшу айылга ала качип кетишти. Турмуш ушундай турбайбы деп ак жоолукту салынып жашап калдым. Сүйүү, төшөк оюну кандай болоруна деле көңүл бурчу эмесмин, курган жаным. Анын үстүнө жолдошум ала качып алгангабы, сүйө албадым. Бардыгы мен үчүн кызыксыз эле. Ошондой күндөрдүн биринде жумуштарым менен райондун борборуна бара жатсам, абысыным “мобуга да мөөр бастыра келчи” деп бир документти колума карматты. Өз жумуштарымды бүтүргөндөн кийин абысынымдын суранычын аткаруу үчүн ал айткан мекемеге кирсем, келбеттүү байке төрдө чалкалап отуруптур. Ага келген себебимди айтсам, башчы мени кытмыр көз менен карап:

– Мөөр басып бербей койсом эмне кыласыз, чоң кыз?- деп жылмайды.

Эмне дээримди билбей мукактана түшсөм:

– Түштөнүү убактысы болуп калган тура. Тамактанып келейин, анан басып берем. Балким, экөөбүз чогуу тамактанып келербиз,- деп калды.

Пример HTML-страницы
Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


– Сизге тамак алып бергидей менде ашыкча акча жок,- дедим дароо эле.

– Кантип эле сизге окшогон сулууга төлөтүп коёюн,- дебеспи. Муну укканда эртең мененки бир пиала чай менен жүргөн жаным дароо макулдугумду бердим.

Ошентип, экөөбүз райондун борборундагы чоң кафеге кирдик. Ал дүйүм тамактар менен кошо коньяк заказ кылды. Тамактануу учурунда ал менин үй-бүлөм жөнүндө сурап, акыры анын тун сүйүүсүнө окшош экенимди айтып өттү. Өмүрүмдө биринчи жолу эркектин мындай мамилесине, сыйына туш болушум. Балким, коньяктын таасиридир, айтор, күлкүм чыгып, өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Ыңгайлуу жайга алып барса да даяр элем.

Кафеде бир топко отурдук. Анан ал оюмдагымды окуп койгондой бир мейманканага алып барды. Олдоксон, корс күйөөмдөй болуп баса калып кумарын кандырууга ашыкпады. Мени көпкө чейин эркелетти, жагымдуу, кумарлуу сөздөрдү кулагыма шыбырап, акырын төшөккө жыкты. Анын таза, жумшак денесинен чыккан атырдын буркураган жагымдуу жытына ого бетер кумарлана көзүмдү жумуп магдырап гана жатып бердим. Башымдан бутума чейин өпкүлөгөн ал:

– Ушундай сулуу аял менен жаткан сенин күйөөң кандай бактылуу?!- деди. Өмүрүмдө биринчи жолу махабат лаззатына баттым. Эриме айтпаган жалындуу сөздөр кантип оозумдан чыкканын да сезбедим. Төшөк оюну бүткөндөн кийин бир топко дейре анын кучагынан чыккым келбей жата бердим. Чыныгы аялдык бакытка төшөк оюну да кирерин ошондо гана туйдум. Эрим менен жарым жылдан ашуун жашап, андан кумарлануу алмак түгүл, жагымдуу сөз уккан эмес элем. Мейманканадан чыккандан мөөр басып, «чалып тур!” деп одураңдап тосуп алган күйөөмө актанып, шылтоо айткым келген жок. Унчукпай басып кеттим да, башчы байке менен бактылуу болгон мүнөттөрдү эстей кыялга баттым. Ошондон кийин болбогон шылтоо менен райондун борборуна барууну адатка айланткам. Барганымда байкем тосуп алат, кайра узатып коёт. Ошентип, райондун борборуна баруу мен үчүн майрам.


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: