Күшүлдөгөн демин басалбай кыстыгып

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

 

 


Экинчи курска келип калганда досум «Эй Жоке, жүр кыздар менен тааныштырайын» деп калды.
Бардык. Арзан вино, ливер колбасадан көтөрүп алганбыз. Төкөлдөштүн жепирейген тамдарынын бир бөлмөсүнө келип, терезени тыкылдаттык эле, эшик ачылды.
Эки кыз жашайт экен. Досум алардын бири менен өбүшүп-сорушуп учурашты, экинчисин бетинен өөп койду.
Апкелгенибизди ортого койуп, кыздар тефалга чай сайып, таанышканча отурдук.
Тикмечи кыздар экен, кошуна көчөдөгү бир кыргыздын фирмасында иштейбиз дешти. Экөөнүн тең аты Зина. Досум өзүнүн Зинасын «илмигий» деп, берки бою пасыраагын «торсогой» деп тергей турганын айтты. Кыздар күлүп калышты.
Ал ортодо чай кайнап, апкелген наныбызга ливеркадан кошуп жакшылап жеп тойуп, алигиден ууртап-татып ичип, жапыз бөлмөдө сотканын музыкасы менен бийлеп-тегеренип дегендей.
Анан каткан тыйынды чыгарып, кыздар да кошуп, кошуна камоктон килтейген сырадан апкелдик.
Бери дегенде эки сааттай бийлеген соң досумдун кызы, «аяшым» «калып эле калгыла» дегенинен, төшөк салынганча сыртка чыгып тамеки түтөттүк.
— Жоке, сен беркиси менен жатып ал, жок дебейт. Зина менен сүйлөшүп койгом, — деди досум.
— Кокус айнып кетсечи?
— Айныбайт. Дегеле кыналышып бийледиңер го. Айныгыдай болсо боюна жолотмок беле?
Ичкери кирдик. Бир төшөк салышыптыр, узун кылып. Эки кыз ортого жатып алышкан экен, досум «аяштын» жанына, мен дубал жактагы бош орунга жаттым. Свет өчтү. Досум «аяш» экөө чопулдашып эле киришти.
Мен торсогойдун колун секин кармасам, тартып алган жок. Кучактадым. Кийимдерин секиндеп чечтим. «Жок» дебеди.
Тигилер бираздан кийин тарсылдатып киришти. Илмигийдин буттары кеткен асмандап!
Мен да кучактадым торсогойду. Ал бери көздөй ыктады. Өбүштүк. Тиги тикчийип чыкты. Мен акырын торсогойдун үстүнө чыктым. Ал буттарын керди. Алигини эми сойлотойун деп жатсам, бирөөнүн колу көчүгүмөн кармап, анан назик сылап, бир аздан соң илмигий үй жаңырта каткырып жиберди: «Токо, досуң кызды неметкени жатат, болчу батыраак, төшөгүн карайбыз! » деп ого бетер каткырды.
Торсогой жыйрылып алды. Буттарын кайра кысып, капталына оодарылып кетти. Мен дубалды карай жылбышып калдым. Чын эле кыз болсо керек, курбусу жанагинткенинен ого бетер тартынып, төшөктү кымтыланып, мени жолотпойт.
Шаштым кетти. Тиги зыңкыят, жарылып кетчүдөй.
— Зина, жаш немени уялтып, неге каткырасың? Унчукпай койсоң өлөсүңбү? — деп калды досум, күшүлдөгөн демин басалбай кыстыгып.
— Жеңелик кылып, акымы алайын да, болчу эй!
Бир кезде Токо оор онтоп алды да, тигилер кылышып бүткөндөй болду.
Анан жатып калышты.
Илмигий Зина терезе жарыгынан дырдай жылаңач бойдон тиги бурчтагы тазикке барып, жуунумуш болуп, анан светти жандырды:
— Кана-кана, бойдоктор, көрсөткүлөчү шейшебиңерди! — деп дагы каткырды.
Эмчектери килтеңдейт, төмөнүрөөктөгү каратакка көз жеткенде уругум куйулуп кетти.
Зина келип төшөктү тартып жибергенде кармай албай калдым.
— Аа жарыбагыр, тиякка куйбай, төшөктү булгапсың да! — деп Зина дагы каткырды.
Менин торсогоюм төшөктүн бир учун тырмышып бетине жаап турбай жатып алды. Мен турсымы кийгенче шаштым.
Токо тиги бурчта алигисин сорбоңдотуп жууп жатты, күлкүсүн тыялбай.
Булар экөө биротоло ашмалтай болуп калышкан окшойт, чамасы. Торсогой экөөбүздү шакаба чегип, жыргап жатышат…
Мен турдум да, кийинип сыртка чыктым. Ташагым тырышат, жанды сууруп. Жок болуп калды шекилди, ичке кирип кеттиби, айтор.
Жогору Горькийге чыгып, такси кармадым да, батириме кетип калдым.
Өмүрүмдө биринчи жолу жылаңач кыздын үстүнө чыгышым болчу да…


Реклама




Поделись с друзьями ↙️: