Кандайсыңар урматтуу окурмандар. Бул сайтты окуп жүрүп номур калтырган элем. Көп өтпөй жаза башташты айымдар. Бирөөсүнө дагы көңүлүм болбой эмнегедир мендик адамды күткөндөй,таанышууга келген айымдарды жоопсуз калтырып жаттым. Албетте ички туюмум алдабаптыр. Арасынан бирөөсүнө жазгым келип жүрөгүм элжиреп суроосуна жооп берип анын жазышын чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Сырдуу айым экен.
Бир күндө аз гана жазышуулар болуп жатты. Таң калычтуусу вотсапка көп кирбеген көбүнчө иш менен алек болгон жан экенин билдим. Арадан күндөр өтүп биздин таанышуубуз жана жазышуубуз бир калыпта гана кетип жатты. Ватсаптан сүйлөп жөнөт десем сүйлөөдөн баш тартып жаттыбы же уялдыбы сүйлөбөдү. Менин оюм бул эркек бала окшойт деп жаттым. Акыры сүйлөп жөнөткөндө гана ишенип жаным жай алды. Жолугууну сунуштадым.
Макул болду. Жолугууну чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Жолугуу сааты да келди, жолуктук. Анын келбети баскан турганы, өз орду менен сүйлөөсү менин жан дүйнөмдү ээлеп алды. Мага чыныгы сүйүү келди. Унута албай жатам. Анын жүзүнө тигилип ойго батып жаттым, ал мени жалооруй карап эмне болду деп сурап калып жатты. Эч нерсе деп тим болом.
Керемет жан экен го. Эмнеге эртерээк жолукпады? Ден дароомун. Жолугушкандан кийин 8 күн болду жолугушууну энсеп келем. Ал бошобой жолугуша албай жатабыз. Анын жытын сагындым. Эх чиркин дүйнө аялзатына таандык бардык мүнөз бар экен. Бирок ал мени жактырабы ал суроо боюнча турат. Пери затым бул мен сени сүйгөн 38. Админ сураныч чыгарып койсоңуз.