3-болум
Ал кезде индиский кино деген шумдук боло турган. Кинонун аты «Легенда о Любви» экен. Кино-театрдын местасына отурганда Мураттан кийин мен, анан Нурбек деген досу, андан улай Гүлүмкан, андан ары калгандары отурушту. Кино сүйүү жөнүнө болгондуктан, жигит менен кыз кучакташса Мурат менин колуман кысат, мага жөлөнө ыктайт. Менин да оюм алыска кетет, ушундай татынакай жигит жолдошум болгондо не, кучакташып аллеядан бассак эл суктанаар беле? Кыялга кирип жатып, Муратка башымды жөлөгөнүмдү байкабай калыпмын. Кино бүткүчө Мураттын колуман кармаганынан денем дүүлүгүп, аны менен махабат төшөгүн өткөргүм келди. Мен күткөн кино аяктап, үч жигит, үч группалашымды жатаканага жеткизгени кетти. Мен өз квартирамды көздөй Мурат менен жөнөдүм.
— Үйдөгүлөр урушпайбы? — деди Мурат.
— Үйдөгү эже-жездем айылга кеткен, ошол үчүн киного чыктым, болбосо мени чыгартпайт да, — деп каадаландым.
— Анда мени конокко чакырат турбайсыңбы? — Үмүттүү тигилди Мурат.
— Акырын кир, кошуналар көрсө айтышат, — деп, 2 кабатка буттун учу менен чыгып, ачкычты салып акырын ачтым.
Кире бериштин светин күйгүзө бут кийимибизди чечтик да, залга өттүк. Ашканага кирип чай койдум. Чай кайнагыча жакындан таанышып отурдук. Мурат пединституттун 4 курсунда окуйт экен, бойдок, аксуулук бала экен. Жанагы достору группалаштары, биз сыяктуу бир бөлмөдө жаткандар экен.
Студенттин карды ач да, дасторконду жайнатып чай бердим. Ар кайсыны сүйлөштүк. Мен турмушка чыгып, ажырашып жатканымды баса көргөздүм. Ушуну уккан соң, Мурат өзүн кенен сезип, мурдагыдан да мага жакшы мамиле жасап, асты-үстүмө түшө баштады. Чай ичип болуп, залдагы керебетке уялбай эле чогуу жатып алдык. Свет өчтү, жаштын иши жаш экен, экөөбүз бири-бирибизди кучактап эле өлүп-талып жатабыз.
— Калбү, мен кыздар менен жатып көрө элек элем, сен өзүң баштачы, — деди назик.
— Анда сенин балалыгыңды алайын, — деп, кулагына назик шыбырай, үстүнө чыктым.
Аспабы чыңалып турат, баятан теңселип тешик таппаган аспабын өзүмдүкүнө колум менен тууралап салдым да, теминип желип кирдим.
Мураттын охулаганын уккан адамдын жаны ачыйт. Мурда аялдын тешигин көрбөгөндүктөн өлүп-талып жатканы да ошол да. Мен тим эле пери көрүнүп жатам Муратка. Теминип жатып, чарчаганымда тынып калсам, мени оодара жаткызды да, эки бутумду ийнине аса урдуруп кирди. Же бир тынсачы, аял көрбөгөн ушинтип өлтүрөт деген чын белем, үстүмөн түшпөй катуу урдуруп жатып араң аспабын бошотту да, кыйын иш кылгандай чалкасынан жата кетти. Денесинин баары көл-шал, бир машина көмүр түшүргөндөй эле иштептир.
— Тур ваннага чайынып ал, Мурат, — дедим, — Сергип жатасың, таза да болуп каласың.
Ордунан араң обдулуп барып чайканып келди, мен да туруп барып чайканып келдим. Экөөбүз кыйын иш бүтүргөндөй эзилише уйкуга кеттик. Түн бир оокум болгонбу билбейм, үстүмө чыгып алып, аспабын киргизе албай санымды ургулаган аспабынан улам чоочуп ойгонсом, Мурат дагы төшөк кумарына баткысы келип жатыптыр. Колумду жиберип тууралап аспабын өз кыныма салдым да, бутумду талтайтып жатып бердим. Жоо чаап бараткан жоокердей улам алдыга умтулуп, Муратым урдуруп жатат. Менин жыргаганым андан, улам жамбашымды көтөрүп кыймылдатып, жардамдашып койом.
— Муратым, жан биргем! — деп жалынам.
Ал да мени Калкен деп эркелетип, жан-алы калбай теминип урдуруп жатты.
-Бутуңду өйдө көтөрчү, — деди Мурат. Бутумду көтөрүп ийнине астым.
Көл-шал түшүп, Мурат моокуму каңгыча урдурду. Ал аралыкта мен да махабат лаззатынын туу чокусуна 3 жолу чыгып, 3 жолу ырахат алдым. Бир кезде барып ахылдаган үнүн акырындатып анан аспабы бошоду, экөөбүз эзилишип уйкуга кеттик.
Түнкү махабат лаззатынан уламбы, Мурат экөөбүз тең катуу уктаппыз. Бетибизге түшкөн күндүн жарыгынан ойгонсом саат 9дан өтүп кетиптир.
— Мурат, тур, сабактан кечигиппиз! — дедим чоочуй тигини жулкулдатып.
Көзүн ачкан Мурат менин сөзүмдү уккан да жок — оозумдан соруп, кайра үстүмө чыгып алды. Бул жолу тажрыйба алдыбы, менин жардамымсыз эле аспабын киргизип, теминип, алга чаба баштады. Менин да Муратка болгон жактыруум себепчи болдубу, каалоом күчөп, кошо чабышып Муратты төшөк кумарынын туу чокусуна жеткиздим.
Экөөбүз түшкө чейин жата берет белек, ким билет, кардыбыздын ачканынан айласыз турдук. Ваннага чайканып алып, ашканага кирип эт менен картошка куурдум, чайымды даярдадым. Ал аралыкта Мурат ваннадан чайканып чыгып, кийимин кийинип келип, дасторконго отурду. Өлө ачка болгон экен, эттүү картошкадан жеп, чай ичип курсагын кампайтты. Көңүлү ачылып жайдарылана сүйлөдү.
— Калкен, эми качан жолугабыз, телефон номериң канча, чалып турсам болобу?
— Эже-жездем шек албаш үчүн, чалганда Кыргыз почтабы деп сура, жок десем үйдө эжемдер бар болгон болот, ооба десем жалгыз болгон болом, — деп түшүндүрдүм.
Телефон номеримди блокнотуна жазып, бетимен сүйүп коштошо чыгып кетти.
Эшикти бекитип алдым да, керебетке келип жаттым. Кечки автобус менен айылга баруу керек, ага чейин дем алып алганым жакшы. Керебетте жатып көпкө ойлондум. Айылга баргым келбей жатат, бирок барууга туура келет. Өздөрү издеп келсе жатаканада жатпаган абийирим ачылат. Кой барайын. Анан да ата-энеме да баруум керек да. Баса жеңемди колго алуу керек. Жеңемдин тууганынын үйүнө квартирага чыктым десем, күйөөм да, кайын журтум да келе албайт. Менин жолум ачылмайын бул жакка баш салып келе албайт.
Жеңем ата-энемди алдайт, Калбү менин тууганымдыкына жатсын деп. Таппасаң сыйпалап калгырдыкы, ошону менен күйөөмө барбай, жол расход кетирбей калам. Ушул амалды тапканыма сүйүнө, кайын энемди жайкоонун амалын ойлоп, 5 инди чайын, бир кило сливочный майын салып алып кечки автобус менен айылга жол тарттым.
Ушул автобуска түшкөндөгү сары пазиктеги элдин тыгылышы ай, араң чыдайсың.
Эзилип араң күйөөмдүн үйүнө жеттим. Дарбазаны ачаар менен бет маңдай кайненем тозуп чыкты.
Жүгүнүп учурашып үйгө кирдим, сумкамдагы чайды, майды алып чыкканда кайненемдин көзү жайнай тушту.
— Ии балакетиңди алайын, муну кайдан алдың?
— Жеңемдин эжеси дүкөнчү, ошол берди. Апа, жатаканага жатсам эле кыздар отурушка жүрү деп кыйнап жатышат. Анан жеңем менин абалымды сурап келген экен, ага айтсам «Бойдок кыздарга кошулуп жатаканага жатпа, сенин күйөөң бар, тарбиялуу келин андайларга жолобойт, менин эже-жездемдикине жат, тамагың да арзанга түшөт, үй бекер, бөлмөсү кенен. Окууңду бүтсөң, айылга магазинге орноштуруп койот» деди. Мен «кайненеме айтып руксат сурап көрөйүн» дедим, — деп анткорлоно ыйбаа кылымыш болуп сүйлөдүм. Кайненем мага ыраазы боло:
— Ошент балам, жума сайын келип жатып, жолуңа да акчаң короп жатат. Кудачаныкына жата турсаң менин да санаам тынч болот. Эптеп окууңду бүтүрсөң келесиң, ал күн да алыс эмес. Күйөөңдү мен катуу кармайм, андан санааркаба деп айтты эле, ички кубанычым чексиз боло түштү.
— Апа, аркы жумада стипендия берсе, сизге бир сапошка, өзүмө бир сапошка алайынбы? — дей салдым моменттен пайдаланып. Ак көңүлү кармаган кайненем:
— Өзүңө жакшысын ал, мага бурка сапошки эле алып келсең жетет, балам. Жесир болуп сага да кийим алып бере албадык, окуп жатасың өз стипендияңа, өзүңө кийим алагой, анда санда кудачадан чай, сары май алдыртып берсең болду, — деп мээримдүү карай, көзүнөн кылгырган жашын жоолугунун учу менен сүртүп койду.
Кийимдеримди алмаштырып, кайненеме жардамдашууга кириштим.
— Балам, нанга камыр жууруп салчы, эртең тегерекке чай берейин маркум атаңа жыт чыгарып, сен алып келген инди чайы менен буркуратып абысындарыңа чай берели. Мен самоорду кайната салайын.
Кайненемдин мындай жакшы настроениесин бүгүн биринчи көрүшүм. Жанталашып ак алюмин чарага ун салып, камыр жуурдум. Эртең биротоло печине да нан жаап берип кетейин деп. Камырды жуура сала, идиш жууп, кечки чайды белендедим. Күйөөмдөн дайын жок. Кайненем улам чыйпылыктап сыртты карайт.
Жолдошум жок, кайненем экөөбүз чай ичтик. Улуу кайнагаларым өзүнчө бөлүнүп кетишкен. Кайненем жолдошум экөө гана чогуу турат. Үч комнат үй өзүнчө, 2 кичине чакан времянка өзүнчө салынган. Кайненем времянкада жалгыз жатат. Жолдошум экөөбүздүкү аркы үч бөлмөлүү үй. Чайын берип, идишин жуудум да:
— Апа, мен барып жатайын, — деп суранып, үйүмө келип жатып алдым. Менин жолдошумдан дайын жок. Бүгүн ишенби, менин келээримди билет. Анын келбегени мага баары бир эмеспи.
Муратымды ойлоп рахатка батып уктап кетипмин. Түн бир оокумда эшиктин тарсылдаганынан ойгондум. Туруп барып эшикти ачсам жолдошум. Бир аз жүз грамм сеп этип алган, сүйлөсө арактын жыты буркурайт. Сөлдүрөп кирди да, чала була чечинип келип төшөккө жатып алды. Мени менен иши да болгон жок.
Эртең менен эрте туруп самоор койдум, нан салчу печтин күлүн тазалап, нан салууга даярдадым. Акырын эшикти ачсам кайненем ойгоо экен, жүгүндүм.
— Кудай тилегиңди берсин айланайын, тиги күйөөң келди беле ?
— Апа, нанды эрте сала салайынбы, боорсокко канчасын алып койоюн?
Самоор койдум. Иш туурасында айтып, суроосуна жооп бербегениме көңүл бурган да жок.
Ордунан туруп, камырдын өлчөмүн көргөздү да, сыртка жуунганы чыгып кетти. Көмөштандарды сырттан тазалап алып келип майладым. Камырды текши салдым да, сыртка печке от жакканы жөнөдүм. Печтин отун жагып ысытып, нанды сала салдым. Самоорум да кайнаптыр. Ары жактагы чоң казанга суу толтуруп, тамыздым да, самоорду алып кирип кайненеме чай бердим.
— Тим кой, күйөөңдү чакырба, өзү келип ичсин, — кайненем мага болуша сүйлөдү.
Реклама
Поделись с друзьями ↙️
Окуя жазуу бөлүмү. ❤️Ушул кнопканы бас !