Студенттик тунук сүйүү

Өткөн жума жаштыгымдагы кумарлуу кечтерге бай коңшу келин менен болгон окуяны эскергем.
Эми ильхом келип, студенттик күндөрдү да эстеп, ал күндөрдүн таттуу учуктарын баяндадым. Окуп, баа берип коюңуздар.
(Каармандардын аты-жөнү өзгөртүлгөн.)

Студенттик тунук сүйүү

Ал кезде мен борбордогу университеттин чет тилдер факультетинин студентимин. Күндөрүбүз көпчүлүккө окшош сыяктуу эле башталчу – лекция, китепкана, студенттик түйшүк. Бирок ошол түйшүктүн ичинде бир сырдуу дүйнө жашынган эле. Ал параллель группада окуган, элге көп деле кошула бербеген, студенттик жыргалчылыкты эмес билимдин артынан сая түшкөн, уялыңкы “ботаник” шаардык кыз – Айпери.

Бир караганда ошол эле «ботаник кыз» – китепканадан чыкпаган, узун чачын түйүп, көз айнек тагынган. Бирок ал эч качан кадимки ботаниктей көрүнчү эмес. Тескерисинче, биринчи көргөндөн эле демимди кысылганча токтотуп койгон бир бөтөн сулуулугу бар эле.

Аны көргөндө дароо байкадым –узун кара чачы ийинине эркин түшүп, жумшак толкундап турчу. Көгүш кызыл гүлү бар шумшак жука көйнөк кийип, үстүнө кочкул көгүш жилетчен. Көз айнек тагынып, көзүнөн көңүлү чачырап турган. Бирок ошол көз айнектин ар жагынан андан да терең, чагылдыргысыз назиктик менен кошо жашыруун каалоо көрүнүп турчу.

Мен аны күн сайын бир текчеден экинчи текчеге тып-тынч басып, бир нече чоң китептерди колуна кысып алганын көрчүмүн. Бирок анын буттары – узун, сымбаттуу, корей актрисаларындай өңчөй кыска юбкасынан улам экинчи карабай коё албайсың. Кээде басып баратып юбкасы жамбашына жабышып, ич кийиминин ирмем көлөкөсү байкалып кетчү.

Ал отурганда да көкүрөгү көйнөгүнүн алдына жашырынып, бирок ар бир деминде акырын силкинчү. Ушунчалык сыпаа көрүнгөнү менен денеси бүт көзүңдү арбап, адамды ичинен кандайдыр бал тилге чакырып тургандай.

Ал жалгыз олтурганда улам чачын оңдоп, көз айнегин сыйпалап, өзүн ушунчалык күнөөсүз, таза алып жүрчү. Бирок мен анын ар бир кыймылынан жашыруун каалоо, ачыла элек кумар шыпылдап чыгып турганын ошондо эле сезгем.

Анын эриндери жоонураак, жумшак. Күлгөндө оозу бир аз ачылып, тилинин учу көрүнүп калат. Дем алганда көкүрөгү жеңил көтөрүлүп, жамалы менен кошо кандайдыр сагынычтуу жыт таралчу.

Жүзү аппак, назик колдору китеп барактап жатып бир заматта терезеден ары тиктеп калчу – ошол көз караш адамды дүйнөдөн сууруп чыгып, анын алдында чечинип, башканы унутуп калгыдай кылып коёр эле.

Ошондо түшүндүм:
Айпери – китепканадан чыкпаган ботаник эмес. Ал жашыруун сексуалдуулукту өзү да билбей алып жүргөн кыз.

А мен аны күн сайын бир аз жакындан таанууга, бир аз денесинин жытын билип коюуга, акырындан бүт жан дүйнөсүн ачууга куштар болуп бараттым.

Жаз менен кошо келген мендеги көпкөндүк, аруу махабат ошол эле кезде айылдык кара баланын жан дүйнөсүн эңтер-таңтар кылган шаардык кыз.
Оюмдун баары ал кызда эле..

Мектепте эжей кайра-кайра айтып, какшап турчу:
— Айланайындар, силерге сүйүүнү ким коюптур? Азыр окуй турган, билим алчу маалыңар. Сүйүп калсаңар, уйкуңар качат. Түнү түшүңөргө айланып, күндүз көз алдыңардан кетпей, сабактан калып, жан дүйнөңөр кыйналат. Студент болгондо сүйөсүңөр, ошондо жетимиш түркүн азабын да, таттуусун да көрөсүңөр…

Ошондо биз каткырып, «ушул да кеппи?» деп койчубуз.
А эми ойлосом, эженин сөзү бекер эмес экен.
Балким ошол сүйүү мага капысынан келгендир…

Күнү-түнү оюмдун баары бир гана Айпериге айланып калган.
Эртеси сабакка киргенде да, кечинде китеп караганда да көз алдымда анын элеси, үнү, күлкүсү…
Түнкүсүн түшүмө кирет, ойгонсом да унутулбайт.
Мына ошондо түшүндүм — сүйүү деген жөн эле бир сөз эмес тура…
Сүйүү — түнкү уйкуну да, күндүзкү тынчтыкты да алып кетчү күч экен.

Майдын аягы бардык группалаштар жан талашып сессияларын жаап баштаган.. Ошол күндөрү ал менен сүйлөшүүгө өзүмдү батына албай, эки метр алыстан сүйүп, мен жакты көздөй басканда жүрөгүм лакылдап өзүмдү жоготуп койчудай жүрчүмүн. Бирок ошол кечте чечкиндүү болдум. Бир-эки китеп көтөрүп жанына жакындадым.

— Бул предмет боюнча кандай автор сунуштайсың? — дедим мен, өтө катуу үн чыгарбаганга аракет кылып.

Айпери көз айнегин оңдоп, бир аз күлүмсүрөп карады. Үнү назик болчу.
— Бул китепти сунуштабайм авторлордун арасында жакшылары бар. Эгер сиз work & travel ге даярданып жатсаңыз мумкун жардам берет деп оюмдагыны ашыра таап, таанышуу бул жакта калып максаттарыбыз бир чыгып, андан аары сүйлөшчу темабыз да бар эле.. Себеби чет тилдер факультеттинин ар экинчи студенти АКШга каникулда иштеп келүү кыялы бар эле..

Ал күндөн кийин сүйлөшүүлөрүбүз улам узарып, андан соң чогуу тамактануу, сабактан кийин сейилдөөгө өттү. Ал башында өтө тыйылган, өтө токтоо, ыйманын ынсабы толуктаган жан болчу. Кээде колу менин колума тийип кетсе да чочуп кетчү. Бирок ошол эле убакта андан алыстагым келбей калчу.

Экөөбүз бири-бирибизди толуктап,
Достоевскийди, Чеховду, Шекспирди, Диккенсти, деги койчу — бүт дүйнөлүк чыгармалар менен авторлорун талкуулай берчүбүз.
Сөзүбүз бүтмөк эмес,
дүйнө токтоп калса да сүйлөшө берчүдөй элек.

Жайкы сессиялар аяктап студенттер айылдарына кетип жатышты а мен болсо Айпериден алыстагым келбей Ата-энемдин талаа жумуштарына чакырганына карабай шаарда иштеп калдым.

Күндөрдүн биринде кечинде аны үйүнө узатып бара жаттым. Жамгыр жаап баштады. Колумду сунуп, жеңил гана билегинен кармадым. Ал бир заматка мени карап туруп калды да, каршылык кылган жок.

Кечки жамгырдын дымагында экөөбүз жай басып бараттык. Жолдо көп сүйлөгөн жокпуз. Бирок колубуз бири-биринин жылуулугунан ажырагысы келбей калган.

— Кээде… сени ойлоп, көңүлүм башка дүйнөгө кетип калат,— деди ал күтүүсүздөн.

Мен жооп бербей, андан көзүмдү албай карадым. Үн каткан жокмун. Жөн гана, жандүйнөм менен анын үнүн, карашын, басышын эстеп жаттым.

Өзүмө ишене албайм. Корей актрисасындай жүзү нур чачкан шаардык кыз мени – айылдын жыты кете элек кара, тоголок жигитти жетелеп баратат. Бул ирмем таттуу түш сымал, денемди майда калтырак басып, ойгонуп кетемби деп корком.

Эртеси күнү ал мага өзү смс жазды.

«Сага жакын болгондо өзүмдү башкача сезем. Мени түшүнөсүң го?»

Мен да жүрөгүмдөгү баарын ошол түнү билдирдим. Мен Айпери дегенде баарын таштап тобокелге барсам да, ал үчүн баарына даяр болсом да, Ушундай назик кыздан андай билдирүү келээри үч уктасам түшүмө кирген эмес.

Ошентип бир нече күндөн кийин ал менин батириме биринчи жолу келди. Башында бир аз ыңгайсыз болуп жүрдү. Китеп карап жаткандай түр көрсөткөнү менен, көзүнүн кыйыгы менен мени тиктеп турду.

Жанында олтуруп, сүйлөп калдым. Колум колуна жеңил тийди. Ал тартынбастан кармап алды. Ымыркайдай жумшак колу дирилдеп турду.

— Сага жакын болгондо жүрөгүм кысылып кетет,— деди ал акырын.

— Мен сени көптөн бери… сен билгенден да көптөн бери каалап келем,— дедим акырын.

Ушул сүйлөмдөн кийин үндөшкөн жокпуз. Жөн гана денебиз жакындап, эриндерибиз жакындап келди. Анын деми бетиме тийип, жыты аңкып турду. Көз айнегин акырын чечтим. Ошондо анын көзү — жаш кыздын, ошол эле маалда толук жетилип калган аялдык сырды жашырган көздөр — мени тиктеп турган.

Ал акырын башын ийкеди.
Мен аны акырын кучактап, өзүмө тартып, алгач ирет өпкөнүмдө, анын денеси дирилдеп кетти.

Биринчи өбүшүү – күтүлгөндөн назик, бирок алда канча күчтүү болду. Эриндери ысык экен, өпкөнүн ортосунда ал үн катпай шыбырады:
— Азат… мен сага ишенем.

Ошол кеч — төшөккө чейинки акыркы чек болчу. Биз экөөбүз ал күнү бүт денебиз менен бири-бирибизге тийбестен, бири-бирибизди күтүп жүргөндөй кеч болду. Колум анын белин сылап, көкүрөгүнүн четин кармап, ал жамбашымдан кармап көзүн жумганда — биз экөөбүз сөз эмес, дем менен сүйлөшүп жаттык.

Төшөккө али жетпегенбиз. Бирок… Айперини бүт бойдон каалап, ал болсо бүт жан-дүйнөсү менен мага ачылган.

Күз. Октябрдын аягы. Лекция бүтүп чыктык. Тышта кеч күздүн шамалы согуп, ал үстүндөгү жеңил пальтосуна оронуп алган. Мен болсом жүрөк менен башка эч нерсе укпай калдым.

— Жүр, бүгүн батириме баралы,— дедим, анча чечкинсиз.

Ал бир калыпта карады да, эриндери дирилдеп:
— Жүр…— деди.

Ал батириме киргенде токтоо эле көрүнүп, бир бурчка китептеримди карап туруп калды. Бирок кийимин чечип баштаганда татынакай колдору калчылдап, бетинен ысык кызыл тартып чыкты.

— Мен… бир аз уялып жатам,— деди ал, үнүн жоготуп.

Мен аны акырын кучактап, узун чачынан өөп койдум. Ошондо эле анын денеси бир силкинип, көкүрөгү менин көкүрөгүмө таянды. Колум анын жамбашынан акырын жылып өттү. Ал акырын шыбырады:
— Азат… көптөн бери сени каалап жүрдүм…

Турган жерибизден анын көкүрөгүн колума толтура кысып, алкымынан соруп, ысык деми оозума куюлуп, буттары дирилдеп, акырын белин көтөрүп жиберди. Анын ичиндеги кысып турган назик жери менин ар бир кыймылымды жутуп алгысы келгендей ысык болуп турду.

Ал бөлмөгө ошол күзгү кечтин тынчтыгын кошуп кирди. Парда терезеден жылып, боз жарык анын аппак денесине түшүп турду. Ошол жарыкта Айпери өзүнө эле эмес, мага да түш жоругандай бир асмандык сулуулукка айланып кетти.

Ал жууркан четинде акырын отурду. Көз айнегин чечип, көздөрүн көтөргөндө — ошол караш бүт өмүрүмө жетчү элес болуп калды. Жаалы жок, бирок магниттен да катуу тартылуу. Уялуу менен ачылган кумар.

Мен анын көйнөгүнүн топчуларын чечип жаттым. Ар бир топчу акырын ыргып, ак кездеменин ичиндеги аруулугу мени ого бетер делебемди козгоду. Көкүрөгү ак, таза – көзгө толумдуу, өзүнө төп жарашкан, жумшак бөөдөнө тумшук мамактары деми менен акырын дирилдеп турду.

Ошол замат анын фигурасы мага тарых китебинен эле билинчү Клеопатрадай көрүнүп кетти. Белинин ичке ийриги, жамбашынын толмоч назиктиги, буттарынын узундугу – ошол сулуулукка Анжелина Джоли дагы жетпей калчудай сезилди. Бирок бул сулуулуктун баары жалгыз мага таандык болуп жатканын билүү жан дүйнөмдү толугу менен ээлеп алды.

Юбкасын акырын ылдый сүрүп түшүрдүм. Ич жагындагы ичке сызыгы, аппак сан эти ачылып, жамбашы бир караганда эле кумарды ойготту. Ал көзүн жумуп, дем алып, колдору менен жуурканды мыкчып калды.

Мен аны акырын жаткырып, чачын ийиндерине таратып, мойнунан өптүм. Ал акырын калчылдап, эриндерин тиштеп алды. Анан көзүн ачып караганда, ошол караш менден эч качан чыгып кете албастыгын айтып турду.

Мен анын көкүрөгүнө түштүм. Мамактарын назик тил менен тийгизип өөп, эриндерим менен биринен бирине көчтүм. Ал назик жалбарып, колу менен чачымды акырын кармады. Дем алуусу ылдамдап, көкүрөгү демдин күүсүндө көтөрүлүп түшүп жатты. Ар бир өпкөнүмдө денеси жумшак калчылдап, ич жагына чейин бир ысык толкун жүгүрүп тургандай болду.

Окуя жазамын десең ушуну бас !

Телефон номерлер чыгарылбайт , окуянызды узуунураак кылып жазанга аракет кылыныз . Атынызды жазгыныз келбесе Анонимно чыгарабыз .


Пожалуйста, заполните обязательные поля.

Андан ылдый түшүп, аппак ич жагына назик өпкүлөп, жамбашына келип, буттарын жайып алдым. Ошол ирмемде ал бүт кыялдарын бир заматта мага ачып койду.

Тилим анын назик гүлүн акырын тийип өпкөндө, ал башын артына таштап, үнсүз онтоп ийди. Денеси калчылдап, буттары бирде ачылып, бирде менин башымды кысып жатты. Ал бышактап, деми үзүлүп калгандай болуп шыбырады:
— Азат… токтобо… мен… эмне болуп жатам…

Эки колум Айперинин кош алмасынын учтарын чойгулап, кинодон көргөнүмдү китептен окуган бардык талантымды тилим менен аны улам өпкүлөп, тилим менен назик кыймылдарды уланта бердим. Ошондо ал бир заматта өзүн жоготуп, көкүрөгү бийик көтөрүлүп, буттары калчылдап, ысык деми бөлмөгө таркады. Дене кыймылы бүт бойдон жыйрылып, жамбашы жылуу толкун менен менин эриндериме жооп кайтарды.

— Азат!.. оо кудай… мен… учуп баратам… — деди ал буркан-шаркан болуп, бүт жан дүйнөсү менен биринчи оргазмына жетип, асмандын жетинчи кабатына учуп жүрдү.
Ал мүнөттөрдү Джованни Боккаччо калем менен кагазга, Да Винчи картина кылып тарта алмак эмес..

Мен анын калчылдаган сан эти менен жамбашын сылап, кош алмасын алмак салмак өпкүлөп, аны кайра өзүнө кайтардым. Ошол көздөрүндө — түн ичинде асманга учкандай ырахат жана тунук бакыт бар эле.

Ал түн биз үчүн бүт жашообуздун чек арасы сыяктуу болду. Жаңы эле күз түшкөн, терезеден муздак шамал шыбырап кирип турду. Бирок анын жанымдагы денеси апапак, ысык, мен күткөндөн да назик болчу.

Айпери төшөктө жымжырт жатып, узун чачы ак жаздыкка таралып түшкөн. Жүзү кызарып, эриндери дирилдеп, түн кыябында дагы акыркы чечимин бергендей.

Мен аны акырын өөп, эриндеримди көкүрөгүнө жылдырдым. Демин чыгарып, колдорум анын жамбашына тийгенде ал бүткөн бою менен чочуп, ийинимди мыкчып алды. Көздөрү жумулуп, назик үнү бөлмөгө акырын тарады.

— Азат… акырын…— деди ал, үнү дирилдеп.

Буттарын жайып, өзүнө акырын тартты. Денесинин ысыгы колумдан жүрөгүмө өтүп жатты. Акырын кире баштаганда анын ич жагынан алгач тоскоолдукту сездим. Ошол замат анын бакырайган кара көздөрү ачылып, карап калды — анда уялуу менен кайрат, коркуу менен ишеним аралашып турган.

Акыркы кыймылда аны өзүмө толук коштум. Денеси бүт калчылдап, деми үзүлүп кетчүдөй болду. Эрдин кымтып, көзүн жумуп, башын артына таштап, үнсүз ыйлап ийди. Жан дүйнөмдө кандайдыр таза, кол тийбеген сыр ачылып кеткендей болду.
Бирок ошол эле замат анын чоң кара көздөрү мага карап, токтото алгыс каалоосун айтып турду. Кызарып чыккан жүзү, жумшак эриндери, карегинин дирилдиги – бүтүндөй чыныгы аялдын сулуулугун ачып турду.

Анын назик денеси ошол ирмемде мен үчүн Клеопатрадан да бийик, Моника Беллучиден да кооз болуп көрүнүп, мен эч качан көрбөгөн аруулук менен кумарды кошуп турду.

Бир аздан кийин акырын кире баштадым. Денеси жеңил силкинип, ич жагы назик тоскоолдук менен тартып, көзүн жумду. Бир аз ооругандай онтоду. Мен токтоп, анын жүзүн сылай койдум. Көзүн ачып, жаш аралаш уялуу карап туруп акырын башын ийкеди.

Ыргактуу кыймылдап, өттө назик кирип чыгып жаттым, ошол замат жамбашы калчылдап, буттары белимди кысып, лавадай кайнак, жумшак бир кысыкты бүт жанымдан өткөрүп өттү. Эриндери калчылдап ачылды, ичтен бышактап чыккан үнү бөлмөгө таркады.

Чыгарбастан токтоп аны кучактап, чачынан сыладым. Көкүрөгү дем алган сайын көтөрүлүп түшүп, көздөрүндө бир убакта коркуу да, эргүү да, унутулгус бактылуулук да жарк этип турду.

Бир аздан кийин мен кайра өйдө көтөрүлүп, анын көздөрүнө тик карап, акырын өөп, акырын кире баштадым. Бул жолу тездеп жаттым денебиз жуурулушуп бир бүттүнгө айландык. Денеси акырын чыңалып, ич жагындагы кайнап жаткан ошол эле кезде тар тоскоолдукту жеңип.
Ал көзүн жумуп, көкүрөгүн дем менен көтөрүп, назик дирилдеп бышактады. Бүт бар болуусу ошол мүнөттө мага таандык болуп калгандай сезилди.
Бүт денем чымырап, темпти күчөттүм эпостогу үзүндүлөр эске келди:
Короо короо кой үркүп,
Талаа талаа тай үркүп,
Жарлар кулап, таш кулап..

— Арстаным… Баатырым.. Жаным…токтобо…— деди ал кыйкыра, денеси калчылдап, экинчи оргазмына чексиз таза, чексиз уялуу менен бирге буркан-шаркан вулкандай жарылып жетти..
Ал менен эле кошо мен да Арстандай арылдап, аюудай каргылдап солк деп төшүнө жыгылдым..
ооо кудай, ааламда адам заттан экөөбүз эле калгандай.. дырдай жылаңач Адам менен Евадай махабатка чөгүп бара жаттык..

Ошол түнү ал үч жолу оргазм алды. Ар биринде денеси калчылдап, көздөрү жумулуп, деми үзүлүп кетчүдөй болду. Мен аны акырын кыймылдап, толук өзүмө кошуп турганда ал буту менен белимден кысып, үнсүз сыкырып, анан улам бир дем менен бошончу:
— Азат… мен бүттүм… мен сага бүт бойдон тийдим…

Ошентип экөөбүз кош жылдыздай, окшош улактардай эрчишип бири-бирибисиз күн өтпөй калды. Эс алуу күндөр биз үчүн кылымга тете эле..

Айтор, ошол эле мезгилдерде анын ата-энеси айылга кетип, шаардагы үйү үч күнгө биздин карамагыбызда калды. Бул үч күн – жаштыгымдын эң ысык, эң узун үч күнү.

Биринчи күнү эле ата-энесинин бөлмөсүнүн ак төшөгүнө аны чечинтип жаткырып, узун буттарын жайып, өзү сурагандай кылдым. Ал башын төшөккө катып, үнүн басып чыңыра онтоп жатты. Денеси ысык болуп, эки колу менен төшөктү мыкчып алган. Ар бир кыймылымда оргазмга жакындап, кайра артка тартылганын сезип турдум. Ошол үч күндүн ичинде ал мени токтотпоону өтүнүп, кайра-кайра жетелеп турду.

Эртеси күнү түш ченде уктап жатканымда телефонума билдирүү келип түштү:

Айпери:

“Түнкүдөй кылчы. Сенин ичимде болгонуңду эстегенде денем дирилдеп кетет.”

Мен:

“Азыр ойгонгондо сени так ошол жерден кармайм.”

Түн ортосунда жанымда жылаңач жаткан анын белин кармап, акырын кире баштаганда ал ыргак менен чындап эрип кетчү. Буту менен белимди кысып, денеси калчылдап, үнү үзүлүп, ар бир кыймылда улам оргазмга жетип, алдынан суу чачырап, булактын көзүн жапкандай, кайра чыгарсаң кайра күүлөнүп атып баш аягы жок сквирт оргазмга батып жатты.

— Жаным… дагы… токтобо… ооо…— деп көзүн жумуп шыбырайт..

Ошентип ошол үч күн эч кандай токтобогон, дүйнөдөн ажырап калган кумар болду. Бирок баары бир түгөнөт турбайбы.

Ата-энеси биздин мамилеге такыр эле каршы болуп туруп алды.
Ал кездеги жерибиздин алыстыгы, каада салтыбыздын айырмачылыгын эң жүйөөлүсү атасы кан досу менен жаш кезинде эле кудалашып койгондугун айтып, керек болсо ата-энесине жолугушуу жөнүндө аракетибизден майнап чыкпады..
Атасы чоң кызматта иштеген, кардуу киши эле.. үйүндө айткан сөзү мыйзам эле..

Бирок биздин жетелешкенибиз, сабака барбай таң аткандан кечке чейин төшөктөн чыкпай жатканыбыз токтободу..

Көп өтпөй жазында АКШга атайын программа аркылуу интервьюдан ийгиликтүү өтүп, виза алып иштегени кеттим.

Ал жака жетиши жетип Айперисиз ичкеним ириң, жегеним желим болду. Сагынч жана кусалыкты бир гана келечеке болгон улуу максаттарым дем берип турду..

Агент аркылуу жазышып турдук:

Мен:

“Кайтып келем, эч кимге тийбе.”

Айпери:

“Сенсиз эч кимге барбайм. Сендей мени эч ким толуктай албайт.” — деп

Бир айдан ашыкча убакыттан бери Айпери менен байланыш үзүлгөн. Агентке жазсам — жооп жок, кирбейт дагы. Группалаштарга сурайын десем, баары жайкы каникулга тараган. Кала бердим туюксуз боштуктун ичинде.

Октябрдын аягында Бишкекке кондум. Таң ата албай кыйналып чыктым. Эртеси таң эртең университетке шашыла жөнөдүм.

Баары баягыдай — аудиториялар, группалаштар, эжей-агайлар… бирок бир гана нерсе өзгөрүптүр: Айпери.
Ал мени көрүп, көзүнө жаш тегеренип, далдоо тарапка жүзүн буруп кетти.

Мен болсо эч нерсе болбогондой, курсташтардын алдында аны ыңгайсыз кылгым келбей, күлүп учураштым. Бирок ичимде бир нерсе — атылып кетчүдөй, үнсүз жарылып жаткан вулкан…

Кийин коридордо каршыман чыкты. Жүзүнөн сүйүп, колун кармадым. Баягы мен сүйгөн, баягы мен жыттаган кол… бирок эми анын манжасында — алтын шакек.

Солк эте түшүп, бир кадам артка жылдым. Эшик, дубал, аудитория — баары тунарып, үнсүз караңгылыкка айланып кетти.

Экөөбүздүн тең көзүбүз жашка толгон. Сүйлөбөсөк да баары айтылып калгансыды.
Бүт күчүмдү жыйнап, акырын гана сурадым:
— Бактылуусуңбу?..

Ал башын жерге салып унчуккан жок.
— Тагдыр экен… бактылуу бол, — дедим.

Андан ары кеттим. Артымда мен сүйгөн кыз, жана ага жетпей калган бир өмүр калды…

Баягыл селкинчек
Дагы эле серпилет..
Бир гана сен башка,
Башкага келинчек.. Бек агабыздын ырындай..

Ошондо гана түшүндүм – жаштык да, кумар да, керек болсо өлбөчүдөй өмүр да бир күндө бүтөрүн. Бирок ошол түндөр, анын ысык деми, акыркы жолу кыйкырып жеткен оргазмдары мени өмүр бою унуттурбайт.

Окуянын өттө узун болуп кеткенине кечирим сурайм, он эсе кыскартканым ушул болду. Анда эмесе урматтуу окурман окуяны Элмирбек Иманалиевдин ыр саптары менен аяктайын..:

Сени көрүп түшүмдө жаңы гана
Селт дей түшүп ойгондум ушул таңда..
Балким сен да түш көрүп, эми туруп,
Жаткандырсың чай берип жанагыңа.

А мен болсо зар болуп караныңа,
Азыр жөнөйм шаардын чоң базарына.
Көгүш, кызыл гүлү бар жумшак жука,
Көйнөк алып беремин аялыма.

 

Админден жооп: Админден жооп:

Номерлер только таанышууга чыгат, аягына башка соз менен номерди кошуп жазгыла, ушуга окшогон жакшы жазылгандардын номерин таанышууга чыгарабыз, текст и номер аягына башка жазгыла.

Реклама


Пример HTML-страницы


Поделись с друзьями ↙️:

Пример HTML-страницы